Кыргызстанда пенсия курагын көтөрүү долбоору талкууланат

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын көтөрүү долбоору каралууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоордо бардык пенсионерлердин жаш курагы жөнүндө сөз болбойт. Бирок, өлкөдө шарттуу себептерден улам 45 жана 50 жашта пенсияга чыккан жарандар бар. Мына ушул катмардын жаш курагын көтөрүү каралып жатат. Азырынча бул долбоор катары гана каралып, талкууланмакчы.

Эске салсак, Орусия өкмөтү 16-июнда пенсия түзүмүн өзгөртүү боюнча мыйзамдар пакетин кабыл алган. Ага ылайык пенсияга чыгуу курагы баскыч-баскычы менен көтөрүлүп, 2028-жылга барганда эркектер 65, аялдар 63 жаштан пенсияга чыга баштайт. Мыйзам 2019-жылдан тарта күчүнө кирет.

Источник: maralfm.kg