Солтон-Сарыга алтын комбинатын куруу боюнча 100 млн долларлык келишимге кол коюлду (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Солтон-Сары аймагына алтын комбинатын куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 28-июнда «Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» VI эл аралык инвестициялык форумда Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Семетей Черикбаев менен «Чжун Дьжи Майнин компани биргелешкен кыргыз-кытай компаниясынын» ЖЧКсынын генералдык директорунун орун басары Чжон Жени кызматташуу жөнүндө меморандумга, тактап айтканда Солтон-Сары жайлоосундагы алтын комбинатын куруу боюнча 100 млн долларлык келишимге кол коюшкан.

Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен 2012-жылы лицензия алган «Jhong ji Mining company» компаниясынын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Компания жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Ушул жылдын 15-майында Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жүзгө чукул киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинатын курууга каршы чыгышкан болчу.

Жергиликтүүлөр Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинат курулса, ишканадан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, ал сууну мал-жандыктар жана ошол аймактагы малчылар ичип, ден соолукка чоң зыян тийгизерин айтышкан.

«Мындан сырткары комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө кооптуу», - деп билдиришти элеттик тургундар.

Кийинчерээк Нарын районуна караштуу Солтон-Сары жайлоосунда 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын запасы бар жерге «Jhong ji Mining company» компаниясы тарабынан комбинат курууга каршы чыгып жаткан жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, облус башчысы Аманбай Кайыпов аталган аймакка комбинат курула тургандыгын айткан. Ошондой эле «Jhong ji Mining company» компаниясы тарабынан Миң-булак айыл өкмөтүнө 20 млн сом, Эмгекчил айылына 13 млн сом бериле тургандыгын билдирген.

«Ушул сыяктуу кендер Ат-Башыда, Ак-Талаада жана Кочкордо бар, кендерди иштетип айыл жерине, мамлекетке салымдарды кошуш керек. Ушул эле комбинат курулса 250 орундук жумуш орду түзүлгөнү турат, адамдар жумуш орду менен камсыз болгону жакшы да. Миң-булактан 120, Эмгекчилден 120 киши жумуш менен камсыз болот, расмий түрдө иштешет. Бюджетке каражат түшөт, мына биз дагы азыр район акимдери менен тоо-кен саясатын жүргүзөлү деп жатабыз. Мындан башка ташкөмүр казганга дагы жергиликтүү айыл өкмөттөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди А.Кайыпов.

 

Источник: Баракелде