Евробиримдик жана БУУ Кыргызстандагы гендердик зомбулук менен күрөшөт

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Евробиримдик жана “БУУ-аялдар” уюму Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы долбоор иштеп чыгышты. Бул тууралуу долбоордун координатору Нурай Мамытова журналисттерге  билдирди.

Анын айтымында, долбоордун максаты жашы жете электердин мажбурлоо менен турмуш куруусун жоюу жана мындай учурлар менен күрөшүү болуп эсептелет.

Адистер тренингдерди уюштуруп, анда үй-бүлөнү пландоонун, жубайлар жана балдар арасында үй жумуштарын бөлүштүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет. Тренингдерге бардык курактагы жарандар катыша алат.

Долбоор Ысык-Көл, Талас, Ош, Баткен облустарын камтыйт.

Источник: maralfm.kg