ӨКМ тик учак сатып алуу демилгесин түшүндүрдү

Фото: В августе 2015 года на тушение пожара в ущелье Чычкан привлекли вертолет из Казахстана
Обратите внимание на дату публикации.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак сатып алуу боюнча комиссия түзүүнү өкмөткө сунуштады. Бул тууралуу 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, ар кандай чукул кырдаалдарда колдонуу үчүн министрликке беш тик учак зарыл:

- Бизге оор шарттарда жана бийиктикте уча ала турган тик учактар керек. Биз беш типтеги тик учакты тандадык, аларды техникалык жактан карап, оңдоп-түзөп туруучу борборлор бизге жакын өлкөлөрдө бар.

Статс-катчынын айтуусунда, ӨКМ сатып алууну көздөп жаткан "Еврокоптер" тик учагы 5,6 млн. доллар, "Ансат" тик учагы — 5,8 млн. доллар, Ка-226 — 7,2 млн. доллар турат. Азамат Мамбетов азырынча тик учак сатып алууга акча бөлүү маселеси чечиле электигин айтып, бул насыя аркылуу ишке ашуусу да ыктымалдыгын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында учурда бир эле бузук тик учак бар. Аны оңдоо үчүн 4 млн. доллардын айланасында каражат сарпталары айтылган.

2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында токой өрттөнүп, өрт өчүрүүчү техникалар ал жакка жете алган эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "тилсиз жоону" өчүрүүгө Казакстандан жардам сурап, казак тарап МИ-26 тик учагы менен өрттү өчүрүшкөн. 

Источник: Азаттык уналгысы