Батыралиевди кызматтан алуу сунушталды

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 16-апрелде Өкмөт башчы Сапар Исаковго саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кызматтан алуу сунушталды. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин кезектеги жыйынында билдирилди.

Аталган комитеттин жыйынында министрдин “Саламаттыкты сактоо” тууралуу мыйзамды канчалык деңгээлде аткарганын текшерген жумушчу топтун баяндамасы угулду.

Жумушчу топтун жетекчиси, депутат Аида Исмаилованын айтымында, текшерүү учурунда министрдин бир катар мыйзамдарды бузганы аныкталган. Алардын көпчүлүгү органдарды алмаштыруу, жеке кардиологиялык клиникаларды салыктан бошотуу, мамлекеттик сатып алуу иштеринде катталган.

Источник: maralfm.kg