Кармоо учурунда ар бир үчүнчү адам кыйноого кабылган

Обратите внимание на дату публикации.

Кыйноолорго каршы коалиция жана кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор милиция кармаган учурда жана убактылуу кармоо жайларында ар бир үчүнчү адам кыйноого дуушар болуп жатат деп билдирди.

"679 кишини сурамжылоого алдык. 89% эркектер, 11% аялдар. Алар айткандар 2017-жылга тийиштүү. Ошол 679 адамдын ичинен үчтөн бири кыйноо фактысы болгонун айтып берди. Алардын айтымында кыйноолор кармоо учурунда болгон. Ал эми убактылуу кармоо жайларында жана ИИМдин бөлүмдөрүндө кыйноо болгонун сурамжылангандардын 34% айтты",-деди Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов.

Мурда кийин жабык жайлардагы кыйноолордун так статистикасы же көрсөткүчү жок болуп келгенин айта кетели. Башкы прокуратурага түшкөн арыздардын санынан статистика түзүлүп келген. Мисалы, 2016-жылы 132 арыз түшкөн болсо, анын ичине төрт-беш жыл мурдакы болгон фактылар дагы кошо эсептелип калчу экен.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго өткөн жылы 218 арыз түшкөн. Анын ичинде 104 арыз түздөн түз кыйноо фактылары боюнча. Адамгерчиликке жатпаган катаал мамиле боюнча 25 арыз берилген. Бул 2016-жылга салыштырганда үчкө аз.

Анткен менен кыйноо фактылары боюнча иштердин бетин ачуу, сотко жеткирүү көрсөткүчтөрү он эсе төмөндөп кеткен. 2015-жылы кыйноо фактылары боюнча 34 кылмыш иши козголсо, өткөн жылы 200дөн ашык арыздан эки гана иш боюнча иш козголгон.

Адам укугун коргоочулар жана адвокаттар күч кызматтарынын кесипкөйлүк даярдыгы жетишсиз болгондуктан кыйноо фактылары көбөйүп жатат дешет. Тергөө-иликтөө амалдарын жакшы билбегендиктен милиция кызматкерлери шектүү адамды уруп-сабап күнөөсүн мойнуна алдырган эски советтик өнөкөттөн кете албай жатат.

Ошондуктан эл аралык уюмдардын жардамы менен кыргыз милициясына тергөө жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына окутуу аракеттери болууда.

Бишкекте 27-мартта Борбордук Азиядагы Эл аралык түрмө реформасы долбоору боюнча милиция кызматкерлерине "тергөө амалдарын эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүү" боюнча тренинг башталды. Анда Түндүк Ирландиянын жана Улуу Британиянын полиция кызматынын өкүлдөрү Европанын алдыңкы тажрыйбасын үйрөтүүдө.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си