Пенсияларды чегерүүнүн шарттарын жеңилдетүү сунушталды

Автор: Мунарбек Жоргомов
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аалы Карашев пенсия чегерүүнүн шарттарын жеңилдетүүгө багытталган мыйзам сунуш кылды. Эл өкүлү учурда пенсия чегерүү үчүн кагаз иштеринде маселе көп экенин айтып, аны жеңилдетүү тартибин киргизүүдө.

"Пенсия чегерүү тартибине өзгөртүү киргизилет. Учурда пенсия чегерилиш үчүн жарандар 1996-жылга чейинки көптөгөн документтерди тапшырууга аргасыз болуп жатат. СССР учурунда мекеме, ишканалардын баары жоюлуп кеткен. Документтерди табуу маселе жаратат.

Сунушталган мыйзам боюнча жаран Социалдык фондго келгенде арыз, паспортунун көчүрмөсүн, эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, өзү иштеген 60 айдагы маалыматты бериш керек. Ал эми калган маалыматтарды Социалдык фонд мекемелер менен байланышып, өздөрү топтосун", - деди Карашев.
 

Источник: super.kg