«Манас» аэропортунда бир чыны чай 100 сомго чейин көтөрүлдү

Обратите внимание на дату публикации.

Ош  аэропорту тумандан улам жабылгандыгына байланыштуу жүргүнчүлөр суткалап учактын учушун күтүүдө. «Манас» эл аралык аэропортундагы эне-бала бөлүмүндөгү суукка даттанышты. Бул тууралуу Нуркан Койчуманова Facebook баракчасына жазды.

Бир чыны чайды бекер же арзан бере албагандан кийин «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчисин жумуштан кетирип койсо болчудай. Болбосо, бир чыны чай үчүн бийлик өкүлдөрүнө эле сөз тийип, жаман көрүнүп жатат.

«Бирок, ызы-чуу чыгарган эч  ким деле жок. Сабырдуулук менен күтүп жатабыз. Бирок, аэропорттун эне жана бала үчүн ачылган бөлмөсүндөгү шарт таң калтырат. Бөлмө суук. Суу ичкенге дагы мүмкүнчүлүк жок. Бир чыны чайдын баасы аэропортто 60-100 сомго чейин көтөрүлдү. Балдар бөлмөсүнө каттамын күткөн операциядан кийин жолго чыккан апа дагы жайгаштырылды. Биздин арызыбызга аэропорт жетекчилиги көңүл бөлгөн жок» -дейт Нуркан Койчумонва.

Источник: fakt.kg