Өкмөт менен жарандык коом мөңгү боюнча тил табыша албады

Фото: Вид ледников Кумтора
Автор: Азиза Марат кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
Обратите внимание на дату публикации.

Кумтөрдөгү “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүн жылдыруу боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу жарандык коом менен өкмөт бир пикирге келе алган жок. Өкмөт мурдагы жүйөлөрүн келтирип, вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев Кумтөргө чогуу барып мөңүнү көрүүгө чакырды. Ал эми жарандык коом мыйзамды чакыртып алууну талап кылууда.

Жарандык активисттердин каршылык акциясынан кийин өкмөттүн, парламенттин өкүлдөр менен жарандык коом тегерек үстөлгө чогулду.

Дүйшөнбек Зилалиев бул мыйзам башка мөңгүлөрдү бузууга жол бербей турганын, эки гана мөңгүгө тиешеси бар экенин кайталады:

“Тилекке каршы бүгүнкү күнү “Лысый” жана “Давыдов” мөңгүлөрү дээрлик жок болду. Бирок Жогорку Кеңештин 2014-жылдагы чечими бар. Ага ылайык, мамлекеттик органдар менен өкмөт анын ишин үзгүлтүксүз камсыздап берүүгө милдеттүү”, - деген менен, Зилалиев же өкмөттүн башка өкүлдөрү бузулган мөңгүлөр эмне үчүн азыркы мыйзам менен жөнгө салынбай жатканына бир да токтолгон жок.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева “Центерра Голд Инк” компаниясына каршы экологиялык доолордон эмне үчүн баш тартканы боюнча суроо койду. Ал кыргыз өкмөтү менен компаниянын жаңы келишимин сындады:

“Өкмөт соттук иштерди кайтарып алабыз деди, эмне деген чыккынчылык бул? Эгерде “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрү жок болсо, эмне үчүн алардан келтирилген зыянды төлөбөш керек? “Кумтөргө” каршы арыздардын баарын кайтарып алып жатсаңар, силер кимсиңер, кыргыз элине душмансыңарбы? Рекультивацияга 69 млн сом жетеби, силер кантип эсептедиңер? Алар рекультивация жасабайбыз деген. Уу калдык сактоочу жайды бизге таштап кетип жатат”.

Сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаков “Центерра Голд Инк” компаниясынын өкүлү менен жаңы экологиялык келишимге кол коюшкан.

Өкмөттүн буга чейин түшүндүргөнүнө караганда, экологиялык доолордон баш тартуунун себеби канадалык компания экологиялык зыян үчүн жылына төлөп келген 310 миң доллардын ордуна 3 млн доллар, калдыктарды сактоого 69 млн сом жана аймакка 10 млн доллар сом бөлүп жатат. Анын үстүнө өкмөт “Центерра Гол Инк” экологиялык доону кабыл албай келет, соттон уттурмакпыз деген позицияда болууда.

“Биздин укук” бирикмесинин башчысы Калича Умуралиева мурдагы чакырылышта мыйзамдын токтотулуп калганы да туура эмес болгон деди:

“Мыйзамды токтотуп туруу деген түшүнүк жок. Артка чакыртып алуу бар же сиздер толуктап дагы иштеп чыгууга жиберишиңиздер керек эле. Мен мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарууну, коомдук угуу өткөрүп, биз эмнеге каршы болуп жатканыбызды угушуңуздарды сунуштайм”.

Бирок өкмөт өкүлдөрү мыйзамды артка кайтарууга каршы. Кумтөрдөгү иш токтобосун деген жүйөө менен өкмөт Суу кодексине бул эки мөңгү боюнча өзгөртүүнү 2015-жылы сунуштаган. Анда эки окуудан өткөн. Эми ЖК 15-ноябрда чекит коёт деп күтүлүүдө.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си