Бүгүн, 13-октябрдын кечинде Нарын шаарында Улуу жана Кичи Памир аймагынан балдарын окутууга алып келген этникалык кыргыздарды облустагы өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаңдуу тосуп алышты. Бийлик өкүлдөрү памирлик кыргыздарды Нарын жергесине келиши менен куттукташты. Ал үчүн атайын иш-чара уюштурулуп, өнөрпоздордун концерти уюштурулган.
“Марал” радиосунун кабарчысы билдирген боюнча, 33 кишиден турган памирлик 6 үй-бүлөнү вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп барган.
Эске сала кетсек, 11-октябрда Кыргызстанга Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдар ата-энелери жана жакындарынын коштоосунда окууга алынып келинген. Жалпы 33 кишинин ичинен он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Арасында кош бойлуу бир аял жана 1,5 жаштагы бала бар.
Памирден келген этникалык кыргыздар жана алардын балдары Нарын районундагы Куланак айылына жайгаштырылат.
Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын 2-октябрында Кыргыз өкмөтү Ооганстандын Улуу жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү жана балдарды билим алууга ата-энелеринин туугандарынын коштоосунда алып келүү боюнча эспедиция жөнөткөн.
Ал экспедиция дары-дармектерден, азык-түлүк, кийим-кечек жана жылуу төшөктөрдөн турган жалпы суммасы 7 млн сом болгон 60 тонна жүктү Улуу жана Кичи Памирде жашаган элге жеткирди.