Таза шайлоого чакырган активисттер Бишкектеги университеттерди кыдырышты, бирок ректорлор менен жолуга алышкан жок (фото)

Автор: Мунарбек Жоргомов
SUPER.KG SUPER.KG
22 сентября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 22-сентябрда активисттер жаштарды таза шайлоого чакырган жүрүш өткөрүштү. Алар Бишкектеги жогорку окуу жайларды кыдырышты.

Уюштуруучулар иш-чаранын максаты үгүт иштеринде административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюу экенин айтышты. "Биз, жаштар, студенттер, активисттер Бишкектеги ЖОЖдордун жетекчилерине кайрылуу жолдойбуз. Анда студенттерди окуу жайлардын жетекчилерин таза шайлоого чакырабыз. Анда административдик ресурсту колдонбоо жана активисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө шарт түзүп берүү өтүнүчү бар", - деди уюштуруучулардын бири Ренат Самудинов.

Алгач жүрүш Бишкек гуманитардык университетинен башталды. БГУнун проректору Учкун Байсубанов жаштардын кайрылуусун алып, жакынкы күндөрдө окуу жай тарабынан жооп берилерин айтты. "Азыр ректор жок. Ал келгенден кийин сиздердин кайрылууңуздарды карап чыгып жооп беребиз. Азыр окуу процесси жүрүп жатат", - деди Байсубанов.

Андан соң активисттер Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине жөнөштү, бирок ал жерде ректор менен жолуга алышпады. Аларга проректор Алтымыш Бекбоев чыгып: "Биздин окуу жайда студенттердин арасында үгүт иштерин жүргүзүү болгон жок. Эгер студенттер менен сүйлөшүүнү кааласаңыздар, алардын баары ушул жерде, окуудан тышкары убакта сүйлөшсөңөр болот. Азыр кайрылууңуздарды калтырып кетиңиздер, биз сөзсүз жооп беребиз", - деп жүрүштүн катышуучуларына кайрылды.
 

Источник: super.kg