ЖАМКнын Садыр Жапаров боюнча билдирүүсү

20 сентября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Камактагы Садыр Жапаровду каза болгон атасы менен акыркы жолу коштошууга сот гана уруксат бере алат. Бул тууралуу мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Аталаган мекеменин айтымында, мыйзамга ылайык, соттолгон жаранга жакын адамын акыркы сапарга узатуу зыйнатына 7 күнгө уруксат берилген. Жолго кеткен убакытты эсептебегенде. Бирок, бул мыйзам соттолгон жарандарга гана тиешелүү.

“Азыркы убакытта Садыр Жапаров соттолгон эмес. Тагыраак айтканда райондук соттун чечими күчүнө кире элек. Ушуга байланыштуу ЖАМК бул маселени чечүүгө укугу жок. Садыр Жапаровдун туугандары сотко кайрылуусу керек”, -деп билдирди ЖАМКдан.

Эскерте кетсек, бүгүн, 20-сентябрда Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо Жапаров бүгүн,20-сентябрда эрең менен көз жумган.

Источник: fakt.kg