35-40 жаштын тегерегинде жооптуу кызматты аркалагандар же Сапар Исаковду жаш дегендер жаӊылышат

24 августа 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Сооронбай Жээнбековду КСДП президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары көрсөтүп, ал башка талапкерлер менен тең укукта шайлоого катышуу үчүн  премьер-министрлик кызматын тапшырган.

Эми парламенттеги көпчүлүк коалиция анын ордуна Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин карап жатканда Исаковду айрым күчтөр маалыматтык чабуулга алды. Алгач аны Максим Бакиевге чаптап, бир катар коррупциялык иштер менен айыптап баштаган. Мындай каралоо ишке ашпай калганда атаандаштар Сапар мырзанын жаш курагына асылууда. Кырктын кырына келген С.Исаков буга чейин эң жооптуу кызматтарды абийирдүүлүк менен татыктуу аткарганын эске алганда мындай сындар да суу кечпейт. Сапар Исаков учурда 40 жашта.

 

Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин жаштарды реалдуу түрдө колдоп, жаңы муундун мыкты өкүлдөрүн жооптуу кызматтарга тарта баштады. Мисалы, Башкы прокурор Индира Жолдубаева 38 жашта болсо, Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров эми эле 38ге чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев 30 жашта болсо, Юстиция министри Уран Ахметов 37ге толот. Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын жетекчиси Кайрат Мусаев 31 жашта.  УКМКнын тѳрагасы Абдил Сегизбаев 44 жашта экени маалым.

 

Кыргызстандын калкынын 60 пайыздан ашуунун 40 жашка чейинкилер түзөт. Демек, биздин өлкөдө жаштар, күч-кубатка толуп тургандар жетиштүү. Акыркы жылдары мамлекеттик кызматтарга да жаңы муундун өкүлдөрү агылып,  10 миңге жакын мамлекеттик кызматкерди 24 жаштан 44 жашка чейинкилерди түзөт.   

 

Кыргызстандын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, кыргызды дүйнөгө таанытып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жан үрөгөн залкар инсандарыбыз бар. Мына ушул инсандарыбыз да жаш туруп ат көтөргүс эмгектерди жасай алган. Маселен, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 14 жашында айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштеген. Ал эми улуу инсан Исхак Раззаков 30дан өтүп-өтпөй Өзбек ССРде министрлик кызматка чейин жетип, 35 жашында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп 5 жыл иштеген болсо, 40 жашында Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп бекиген.

 

Турдакун Усубалиев болсо 39 жашында Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары болуп үзүрлүү иштей баштаган. Кыргыздан чыккан дагы бир залкар инсаныбыз Күлүйпа Кондучаловага 33 жашында Тышкы иштер министрлиги кызматы жүктөлгөн.  

 

Буга чейин президент Атамбаев 25 жылдан бери саясатта жүрүп Кыргызстанды тоноп келген саясатчыларды өзү менен кошо алып кете турганын айткан. Өлкө башчысы көк жалдыгын, айткан сөзүнөн кайтпастыгын, эркинин күчтүлүүгүн далилдеп бул убадасын аткарууда. Эми минтип 40 жаштагы Сапар Исаков өкмөт башына келип, жаш кадрлар менен команда кураганы турат. Жаштарды эл колдойт, коомчулук сүрөөнгө алат. Ошентип кыргыздын канын соруп келген «карт бөрүлөрдүн” доору аяктаганы турат.

 

Кыскасы, Сапар Исаковду жаш деп, анын курагына асылгандардын бул аракети суу кечпейт. Биз жогоруда мисал кылган инсандарыбыз 30 жаштан эле эң жооптуу кызматтарды татыктуу аткарып, Кыргызстандын өнүгүшүнө ат көтөргүс салымдарын кошкон. Сапар мырза болсо 5 жыл бою Президенттик аппараттын тышкы саясатын татыктуу жетектеп, учурда Президенттик аппарттын башчылыгы кызматында үзүрлүү эмгектенүүдө. Андыктан кырктын кырына келген С.Исаков премьер-министрлик кызматты татыктуу аткарып, кыргыз эли үчүн абийирдүүлүк менен иштеп берет деген ишеним чоң. Ал эми анын жашына асылгандар терең жаңылат!

Источник: kabarlar.org