Президенттик шайлоодо Чубак ажы Жалилов кимди колдоору белгилүү болду

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов президенттик шайлоодо кимди колдоору белгилүү болду. Президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулу өзүн социалдык тармактагы баракчасына Чубак ажы Жалилов менен жолуккандыгын жазып чыкты.

Өзгөртпөй беребиз:

“Шейх Чубак ажы шайлоого өзүм чыкпайм деп батасын мага берди. Шейхтен Аллах эки дүйнөдө ыраазы болсун, мен ыраазымын! Ага чейин дагы эки биртууганым шайлоого катышпайбыз, бирок Сизге дуа кылып турабыз деп айтышкан болчу. Алар: Арстанбек уулу Мыктыбек ажы жана Бекназаров Руслан ажы. Ыйман жолунда жүргөн инсандарыбыздын баарынан Аллах-Таала ыраазы болсун!”, деп жазды Турсунбай Бакир уулу.

Источник: fakt.kg