Президент Атамбаев латын тамгасы боюнча пикирин билдирди

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 20-июль күнү президент Алмазбек Атабаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  өз демилгеси менен уюштурулган  “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумунада ” сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө “Кыргыз жергесинде бул эл аралык форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иштер бир канча жылга созулду. Бүгүн ыйык «Энесай» аталыштагы үйгө 12 өлкөдөн антрополог жана этнолог, археолог жана лингвист окумуштуулар, фольклор изилдөөчүлөр жана коомчулук өкүлдөрү чогулганына кубанып турам. Элдин эски алфавитинен ажыроосу өткөн мурасынан ажыроосуна барабар. СССР кулагандан кийин тарых кайра кайталанды. Көз карандысыз Азербайжан, Түркмөнстан латынга өттү. Өзбекстан өтүп жатат, Казакстан жакында эле кириллицаны латын арибине ооштурууну чечти. Алфавит алмашкан ар жолу жаңыча түшүндүрмө берилет. Адатта мындай жүйөө айтылат: бардык өнүккөн өлкөлөрдө латын ариби колдонулат, латынчага өткөндө өлкө экономикасы бат өнүгөт. Андай дейин десең, Жапониянын жана Кореянын өнүгүшүнө иероглифтер тоскоол болбойт беле? Же Кытайдын дүркүрөп өнүгүшүнө неге иероглиф кедергисин тийгизбейт? Ошол эле кезде Африканын бир катар мамлекеттери колдонгон латын ариби  аларды эмне үчүн кедейчиликтен чыгарбайт? Бара-бара латын арибине өтүү биздин элдерди бириктирбестен, тетирисинче арасын алыстатат”-деди Атамбаев.

Источник: fakt.kg