Ош шаарына Өзбекстандын каржылоосу менен мектеп салынат

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Быйыл Ош шаарына Өзбекстандын колдоосу менен мектеп салынат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болду. Депутаттар Ош шаарына мектеп куруу тууралуу Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн келишимди жактырды.

Эркин депутат Жанар Акаев салына турган мектеп Казакстандын колдоосу менен курулган "Жетиген" мектебинин абалын кайталап калбаса экен деген оюн айтты. “Ал жакты барып көрдүк, сапатын жакшы деп айта албайбыз. Ошондуктан тендер маселесинде талаптар так сакталса", - деди ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан жаңы салынат деп жаткан мектепке каражат гана бөлүп тим болбостон, анын курулуш иштерин дагы өз моюнуна алат. Андыктан алар курулуш каражаттарынан тартып курулуш техникаларына чейин өздөрү көзөмөл кылат.

Жаңы мектептин имараты учурда кыйроо абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат. Мектеп 630 балага ылайыкташтыралат. Анда билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлө тургандыгы айтылды.
 

Источник: super.kg