Жер көчкүдөн 9 жакын адамын жоготкон Гүлбахар АЛИЕВА: “Көчкүлө десек биз өлсөк кете беребиз деп ушул жерден жылышпаган”

Обратите внимание на дату публикации.

29-апрель таң эрте, Өзгөн районунан караштуу Зергер айылында көчкү жүрүп турак-үйлөрдү басып калып, 24 адам жер алдында калды. Жүрөктү зыркыраткан каргашалуу окуяда Гүлбахар Алиева үй-бүлө мүчөлөрүнөн 9 адамын жоготкон. Тактап айтканда кайын ата, кайын энеси жана уулунан сырткары ал күнү кооптуу аймактагы үйдө кайын сиңдиси уулу менен болгон. Ал эми кайын агасы, жеңеси жана алардын эки кызы ошол эле үйгө коңшу жайгашкандыктан алар да көчкү алдында калышкан. Буга чейин адистер тарабынан эскертүүлөрдөн улам Гүлбахар айым өз үй-бүлөсү менен коопсуз жайга көчүп кетишкен экен. Жакындарын жоготкон айым жергиликтүү маалымат булактарынын бирине буларды айтып берген:

-Бул үйдө карып калган кайын атам, кайын энем бар эле. Көчкүлө десек биз өлсөк кете беребиз деп ушул жерден жылышпаган. Биз айылдын башында эки бөлмө үйүбүз бар эле, ошол жакка көчүп кеткен элек. Ал күнү кечинде 11-класста окуган балам менен кайын эжемдин баласы чал, кемпирден кабар алабыз деп келишкен эле. Саар көчкү жүргөндө эжемдин баласы аркы бетке өтүп качканга жетишиптир. Менин балам калып калган экен…

Буга чейин адистер тарабынан берилген эскертүүлөргө кулак салган тургундар коопсуз аймактарга көчүп кетишкен. Тилекке каршы айыл тургундарынын арасынан көчпөйбүз дегендер да болгон. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барган учурда тил кат жазып берип, көчүүдөн баш тартып коюшкан.

Источник: egemen.kg