- Эсенгул мырза, 3-апрелде өлкөнү Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 5-жыйыны болуп өтүп, анда сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев Элдик курултай түзүү тууралуу сунушун билдирди. Сиздин оюңуз кандай?
- Мен бул туура деп эсептейм. Тарыхта өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда Элдик курултай чакырылган. Бул элдин, мамлекеттин пайдасына болгон. Салтты жана маданиятты сактоого байланыштуу мен Көчмөндөр оюндарын үзгүлтүксүз өткөрүп турууга макулмун. Анткени, оюндарды өткөрүү саясий көз карашта да, туризм жагынан дагы биздин өлкөнүн бренди болуп саналат.
- Ушул эле жыйында мамлекет башчысы өзүнүн артынан мураскер калтырбай турганын дагы бир жолу билдирди. Бул жаатта эмне айта аласыз?
- Президент мындай пикирин буга чейин да айтып келген. Ал эл менен макул экенин, эл кимди шайласа ошол мамлекет башчысы болорун айтып жатат. Мен буга толугу менен макулмун. Эң башкысы өлкөдө таза шайлоо өткөрүү жана Кыргызстанды Борбор Азиядагы лидерлердин бирине көтөрө турган татыктуу президентти шайлоо.