Бейөкмөтчүлүгүн унута албаган Атыр Абдрахматова жоопкерчиликти сезбейби?

Обратите внимание на дату публикации.

Учурда БШК мүчөсү болгон Атыр Абдрахматованын өз ишине жасаган мамилеси өтө эле жоопкерчиликсиз болуп атканын кайда катабыз? Маселен, ал 30-январда БШК мүчөлөрү Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын дооматтары боюнча маселени карашкан. Мына ушул маселе каралып атканда Атыр Абдрахматова комиссиянын отурумунан суроо-сопкуту жок эле чыгып кеткенин кандайча түшүнөбүз? БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Атыр Болотбековна, бизде күн тартибинде дагы бир нече маселе бар, андыктан мен сиздин калууңузду өтүнөм» дегенине карабай ал отурумду таштап чыгып кеткеничи? Анан калса А.Абдрахматова ушуну менен үчүнчү ирет жетишерлик негизи жок отурумду таштап чыгып кеткени акылга сыябы? Бир нече саат өткөндөн кийин А.Абдрахматова отурумга кайтып келип: «Менде процедуралар бар экенин бир нече жолу айттым. Ал эми карала турган калган бардык маселелер боюнча мен каршы добуш берем» деп билдиргени кандай? Кызык, ушул дагы мамлекеттик кызматкердин айта турган жообубу? Анын процедуралары БШКда карала турган маселелерден да маанилүүбү? Же ал кандай маселелер карала турганын билбей туруп эле «бардыгына каршы добуш берем» деп айта берсе болобу? Мамлекеттик кызматта жоопкерчилик деген болушу керек да, акыры туурабы? Же Атыр айым өзүнүн бейөкмөтчү кезин эстеп кетип атабы? Эгерде ошол мезгилин сагынып атса, анда БШК мүчөлүгүнөн баш тартпайбы? 
Read more at http://asianews.kg/zhanylyktar/beyokmotchulugun-unuta-albagan-atyr-abdrahmatova-zhoopkerchilikti-sezbeybi#FdQIDAigo4LI0L53.99

Источник: asianews.kg