Атамбаев учак кырсыгынан жабыркагандар менен жолугат

Автор: Бакыт Торогелди уулу
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Президент Алмазбек Атамбаев 26-январда учак кырсыгынан курман болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу «Марал» радиосуна жеке булактар билдирди. Президенттик аппарат азырынча бул боюнча маалымат бере элек.

Эске салсак 16-январда «Манас» аба майданына жакын жерде жайгашкан Дача-СУ айылына Гонконг-Бишкек-Стамбул рейси менен учуп бараткан «Боинг-747» жүк ташуучу учагы кулап, анын кесепетинен кырсык болгон күнү 38 киши мерт кетип, 15 адам жаракат алган. Кийин авикырсыктан жабыркаган дагы бир жаран каза болуп, кырсык курмандыктарынын саны 39га жетти.

Учурда кырсыкты Эл аралык авиация коммитетинин адистери изилдеп жатат. Интернетте президенттин учак кыйраган жерге барып эл менен жолугушпаганын сындагандар бар. Президенттин аппараты аларга жооп катары кырсыктын кесепеттерин жоюу жана көрүлүп жаткан чаралар өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.

Источник: maralfm.kg