Каширский: “Кулаган учак Бишкектен май куйбаса Стамбулга жетмек эмес”

Автор: Субанбек Исмакеев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

16-январда Чүй облусунун Дача Су айылына кулаган учак “Манас” аэропортуна конбосо Стамбулга жетмек эмес. Себеби, күйүүчү май ал аралыкка толук жетпей калмак. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссия төрагасы Леонид Каширский билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуучу учакта 86 тонна жүк болгон.  Ал эми “Манас” аэропортунун аба майданына автоматтык түрдө конмок.

Ошондой эле, Леонид Каширский жүк ташуучу учакка Бишкетеги туманга байланыштуу Алма-Атанын аэропортуна конуу сунушталган деген кептерди четке кагып, андагы жүк Стамбулга багытталганын кошумчалады.

Источник: maralfm.kg