Акыйкатчы Кубат Оторбаев террорист, уурулардын укугун коргойбу? Read more at http://asianews.kg/zhanylyktar/akyykatchy-kubat-otorbaev-terrorist-uurulardyn-ukugun-korgoybu#HKWw8vMfuzUCk7zS.99

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда жарандардын укуктарын, айрыкча, абактарда жаткандардын укуктарын коргоону максат кылган акыйкатчы институту бар. Тилекке каршы, дал ушул институттун башына келген жетекчилер кызмат абалын пайдаланып, акчалууларга гана жандап, жарандардын укуктарын тегиз коргобой келет. Жакында акыйкатчы Кубат Оторбаев УКМКнын тергөө абагында жаткан М.Кунакунов жана А.Жумагазиевдин абалын көрүп чыккан. Ал аталган айыпталуучулар кыйноого кабылганын айтып, коомчулукту дүрбөттү. Бирок, УКМК бул маалыматты расмий түрдө төгүнгө чыгарды. Демек, К.Оторбаев кезектеги “өрдөктү” учурганбы? Ушул жерден белгилеп кетүүчү жагдай, Максат Кунакунов террористтик актыларды каржылап, өлкөгө канабайрам салып жибере жаздаганда кылтакка илингени жалганбы? Соңку күндөрү Оторбаев өңчөй капчыктуулардын жана өтө оор кылмыш кылгандардын укуктарын коргоп, адилеттүүлүк үчүн түрмөдө жаткан миңдеген карапайым жарандардын укугун дагы коргобойбу? Адилеттүүлүктү тутунуп. Муну соттолгондор да айтып жатышканы каңкуланууда. Өткөн жылы Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер органына К.С. аттуу жаран баасы 3500 долларды чамалаган “БМВ” унаасын түнкү саат 2ден таңкы 7ге чейин аралыкта белгисиз адамдарга тарттырганын айтып, арыз менен кайрылган. Бул боюнча атайын кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында издөө иштери башталган. Дал ушул кылмыш ишинин негизинде А.К. аттуу жарандын үйү текшерүүгө алынат. Натыйжада аталган үйдөн 12 даана мыйзамсыз ок, бронижелет, беткап, баалуу металлдар жана бир топ унаалардын ачкычы чыккан. Аталган иш боюнча 2017-жылдын 10-январында А.К соттун чечими менен камакка алынат. Кармалган жаран Токмоктогу “каралардын” мүчөсү болгону ыраспы? 13-январда кармалган А.К. кезектеги сурак учурунда башын койгулап, ызы-чуу салып, терезени жин тийген кишидей сүзгүлөгөнү чынбы? Бул боюнча тергөөчү заматта жетекчиликке кайрылып, атайын териштирүү да жүргөн. Жыйынтыгында А.К. өз денесине өзү залал келтиргенин моюнга алган. 14-январда болсо акыйкатчы Кубат Оторбаев кокустан эле А.К. жаткан абакка барып, аны карап туруп тез жардам унаасын чакырган. 10 мүнөттө тез жардам келип, А.К. ооруканага жаткырылганычы? Деги Кыргызстанга качан жалпы элдин укугун бирдей коргон акыйкатчы келет? Буга чейин бул кызматта турган Бакыт Аманбаев А.Келдибеков, К.Ташиевге окшогондордун гана укугун коргоп келсе, Турсунбек Акун Азиз Батукаевди чыгаруу менен мөөнөтүн бүтүргөнү жалган беле? Эми болсо Оторбаев капчыктуулар менен террористтерден бошобой жатабы? Акыйкатчы деген сөздүн маанисин түшүнүп, аталган органдын милдетин так аткарган жетекчи качан келет? Оторбаевдин бул иштерине баа берилеби? Ар дайым ишти саясатташтырып, минтип жанкечти, кылмышкерлерди коргогон акыйкатчынын бизге кереги барбы?
 

Источник: asianews.kg