БУУ Кыргызстанга активисттин өлүмүн териштирүүнү тапшырды

Фото: Сын Урмат Акунов обратился в Комитет ООН с жалобой в годы прохождения судебного процесса
Автор: Азиза Марат кызы, бишкекский корреспондент Би-Би-Си
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
21 декабря 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2007-жылы Нарындын убактылуу кармоо жайында өзүн асып алды делген активист Бектемир Акуновдун өлүмүн Кыргызстан кайра териштирсин деген билдирүүсүн жарыялады.

Кыргызстандык жарандык активист Бектемир Акуновдун өлүмүн кайра иликтөө тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин билдирүүсү сайтына 15-декабрда жарыяланган.

Тартипке ылайык ал Тышкы иштер министрлигине расмий келиш керек.

Билдирүүдө Нарындагы убактылуу кармоо жайында 2007-жылы апрелде каза болгон жарандык активистин өлүмүнө Кыргызстан жоопкер деп айтылат.

Комитет мамлекетти Акуновдун өлүмүн ар тараптуу, тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Комитет Кыргызстан жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык келишимдин кыйноону токтотуу, өзүм билемдик менен жанын кыюу, кыйноо жана өлтүрүүгө байланыштуу тергөө жүргүзбөө сыяктуу бир нече беренелерин бузган деп белгилеген.

Бектемир Акуновдун жакындары ал жабык жайда милиция тарабынан өлтүрүлгөн деп келет

Уулу Урмат Акунов БУУнун комитетине сот жүрүп жаткан жылдары арыз менен кайрылган.

"Канчалаган сот болду, прокуратура кайра-кайра тергеди. Бирок менин атамын өлүмү боюнча адилет чечим чыкпагандыктан жана бизге бийлик тараптан кысым улангандыктан БУУ өңдүү эл аралык уюмдарга кайрылууга туура келген. 2011-жылы БУУнун комитетинин кароосуна кезекке коюлса, процедуралары абдан узакболгондуктан быйыл 27-октябрда каралыптыр. Эми минтип адилеттик бар экенин көрүп турабыз", - деди Би-Би-Сиге Акунов.

Иш Жогорку Сотко чейин жетип, бирок бардык инстанция Акунов өзү өлүп алган деген чечим менен калган. Ал ошондой эле эч бир милиция кызматкерин шектүү катары карап, кыйноо же өлтүрүү беренелери боюнча жүргөн эмес. Кылмыш иши бир гана берене - милиция кызматкерилери шалаакылык кылып, Акуновдун асынып алуусуна жол берген деп каралган.

2007-жылы 15-апрелде Акунов Нарында каза болгондон кийин комиссия түзүлүп, муну иликтөөгө катышкан укук коргоочу Азиза Абдирасулова кыйноолордун далилдери көп болгонун айтууда:

"Акуновду кечи саат жетилерде кармап барышса, убактылуу жайда камалып тургандардын баарын тогузда кетирип жиберишкен. Баары эмнеге, кайда кармалганы тууралуу журналга түшсө, Акуновду кармоо катталган эмес. Бул суроо туудурган жагдай. Атайын күбөлөрдү таптык. Түнкү саат үч менен төрттүн ортосунда "мага жардам бергиле, өлтүрүп атат" деп аябай кыйкырганын ошол жерде жашагандар уккан экен. Булардын баарын иликтеп, комиссиянын мүчөлөрү кол коюп, Башкы прокуратурга өткөрүп бергенбиз".

Жакындары 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин кайра тергетүү аракетин көргөндө прокуратура Акуновдун ишин кайра ачып, териштирүүгө жаңы жагдайлар жок деген.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурда прокуратура тармагында иштеген юрист Тынчтык Шайназаровдон ишти кайра кароо процедурасын сурадык:

"Биринчиден, ошол мекеме - ИИМдин жетекчилиги мыйзамды так сакташ керек. Эгерде бул иш жабылган болсо, иш козгоодон баш тартуу тууралуу материалдар топтолгон болот. Ошол материалдарды азыр прокуратура, мекемени көзөмөлдөгөн прокурорлор бар да, ошолор карап чыгыш керек. Адам өлүмүндө кылмыштын белгилери болуп, толук текшерүү жүргөн эмес болсо, чечимди жокко чыгарып, кылмыш ишин козгойт. Прокуратура андай эмес деп да табышы ыктымал".

Жарандык активист Бектемир Акунов 2007-жылы Курманбек Бакиевдин бийлигине нааразылыгын айтып бир катар акцияларга чыккандан кийин Нарында кармалган. 14-апрелде милиция кызматкерлери кармаса, 15-апрель таң менен асынып алганы тууралуу айтылган.

Жакындары жана адвокаттары Акуновдун денесинде кыйноо белгилери болгонун, тумчуктурулуп өлтүрүлгөнүн айтып келишет.

53-жашында өлгөн Акуновдун сегиз баласы жана жесири калган.

БУУ адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанга айтылган талаптарды аткарууга алты ай мөөнөт чектеген.

Источник: Кыргызская служба Би Би Си