Т9 программасынын айынан ката кетирген Албек Ибраимов Нью-Йоркто деле бак кулайт дейт

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бишкектеги бактардын кулап жаткандыгы боюнча журналисттердин бири суроо узатты. Мэр камырабай туруп, Алматыда биринчи кар жааганда 500гө жакын дарак кулаганын, Москвада миң дарак кулаганын, ал турсун Нью-Йоркто деле дарак кулай тургандыгын айтты.

Эсиңиздерде болсо, жаңыдан кызматка киришип жатып, кыргыз тилинен тапшырган экзаменинде жөнөкөй сөздөрдү жаза албай уят болгон эле. Журналисттердин бири эмне үчүн ката кетиргенин сураганында “Бүгүнкү күндө биз заманбап технологияларды колдонуп калбадыкпы. Компьютерде Т9 программа бар, ал сөздөрдү өзү оңдоп коёт. Ошого көнүп калгандыгымдан ушундай каталар кетип калды” – деген. Ал “Коррупция”, “Кыргызстан” деген сөздөрдү жаза албай койгон болчу.

Ал кездеги катасын компьютерге шылтаса, дарактардын кулап жатканына так жооп бере албай, чет өлкөлөр тууралуу айтып жатат. Мэр деген ар бир жасаган ишине жооп бериши керек, демек, ал жакшы иштей албагандыгынан кол алдындагылар ага моюн сунбай, өз билгенин кылып жатканынан шаардагы кооптуу дарактар тазаланбай, эл өмүрүнө коркунуч жаралып жаткансыйт…

Нью-Йоркто деле бак кулайт, бирок эли бизге караганда алда канча жакшы жашап жатпайбы, эмне үчүн ошол шаардын өнүгүү багытын мисалга албайт, ошол шаардай өнүгөлү дебейт?

Источник: Fakt.kg