Мигранттардын өлүмүнө ким жооп берет?

8 сентября 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мигранттарга байланышкан көйгөйлөрдү жана Москвадагы басмаканадан чыккан өрттүн кесепеттерин талкуулаган ачык жыйынында кырсыктан каза тапкан мигранттарга компенсация төлөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туралуу сөз болду.

Мунун алдында орусиялык басылмалар Москвадагы өрт кырсыгы орун алган “Печатный экспресс” басмаканасынын жетекчиси Сергей Москвин өз эрки менен тергөөгө келгенин жазып чыгышкан. Интерфакс агенттиги Москвиндин адвокатына шилтеме берип, ал басмаканада иштеген эмгек мигранттарын мыйзамсыз, патенти жок кызматка алганын моюнга алды деп жазды. Ошондой эле каза тапкандарга компенсация төлөп берүүгө макул болуп жатканын билдиргенин жана буга чейин үч кишиге компенсация төлөп бергени туралуу да айтылат.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов: “Орусиянын Эмгек жана калкты жумуш менен камсыздоо федаралдык кызматынын жетекчи орун басары Михаил Иванков эгер каза тапкан мигранттардын басмакана ээси менен эмгек келишими тастыкталган болсо анда алардын жакындарына 1 миллион рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилиши керектигин айткан. Тергөө комитетинин маалыматына караганда басмакананын жетекчиси өзү тергөөгө келиптир. Аны эки айга камакка алганы туралуу маалымдашты. Издөөгө алынган башкы инжинерин кармоо боюнча да иликтөө иштери жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлиги жана элчилик тергөө ишин көзөмөлгө алып, компенсация маселесин чечүү аракетин көрүүдө”,-деп билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргызстандык мигранттар мыйзамдуу түрдө эле Орусия аймагында жүргөнүн, бирок эмгек келишимин түзбөгөн себебин түшүндүрдү:

“Биринчи күндөн баштап эле Тергөө комитети биздин жарандар мыйзамдуу түрдө Орусия аймагында жүргөнү боюнча жооп берди. Бул жерде каза тапкан 14 жараныбыздын экөөсүнүн гана эмгек келишими болгон. Себеби расмий түрдө келишим түзгөн жарандарыбыз ал жерде алган айлыгынын дээрлик 42%ын төлөш керек. Ошондуктан оозеки эле макулдашып иштеп келишкен. Азыркы күндө эмгек келишиминин негизинде компенсация төлөп беребиз деген сөз болуп жатпайбы. Кырсыктан кийин эле басмакана жетекчиси качып кеткен. Эми тергөөгө келип, компенсация төлөп берүүдөн качпай турганын айтып жатыптыр. Кырсыктан каза тапкандардын үчөө орус жарандары болгон. Алар 100 миң рублдан компенсация талап кылып арыз жазган. Биз болсо бир миллион рубль компенсация төлөп берүү боюнча расмий нота жөнөттүк. Бул маселе боюнча көмөк көрсөтүүгө адвокаттык компаниялар да кол сунуп, кандай болгон күндө да компенсация төлөтүп беребиз деп жатышат”,-деди Болот Отунбаев.

Москвада окуядан кийин өрттөн каза тапкандардын жакындарын колдоо үчүн түзүлгөн демилгелүү топтун өкүлү Белек Асанбеков:

“Каза тапкан орус жарандарына компенсация төлөп берүү боюнча жакындары менен сүйлөшүүлөр болгону туралуу малыматыбыз бар. Бирөөсүнүн эжесине 300 миң рубль акча берип, эч кандай дооматым жок деп жаздырып алышыптыр деп жатышат. Калган экөөсү акча алганбы жокпу анысын билбейм. Бирок менимче ушундай жол менен баарына жаздырып алабыз деп ойлоп жатышса керек. Тергөөнүн жүрүшүнө биз дагы байкоо салып, маалымат топтоп жатабыз. Басмаканада 70 кыргызстандык мигрант эмгектенчү. Эч кимиси менен расмий келишим болгон эмес”,-деди.

Белек басмакана тапкан кирешесин жашырып жүргөнү туралуу да айтылып жатканын кеп салды. Расмийлер басмакана мыйзамдуу иштеген, тендерлерге катышып жүргөн фирма экенин, салык кызматында катталганын айтууда.

Август этегинде Москвадагы басмаканада чыккан өрттѳн каза тапкан 17 кишинин он төртү 18 жаштан 45 жашка чейинки кыргызстандык кыз-келиндер эле. Бирөөсүнүн үч айлык боюнда бар экени айтылган. Миграциянын күчтүү агымына туштуккан өлкөдө соңку трагедиялуу окуяны коомчулук абдан оор кабыл алып, өлкө боюнча аза күтүү жарыяланган. Бул ишти адилетүү тергеп, күнөлүүлөрдү жазага тартуу талабы курч коюлуп, кыргыз расмийлери тергөөнүн орус бийлиги көзөмөлгө алганын айтышкан.

Орусиянын тергөө комитети “өрт эрежелерин бузуу” деген берененин негизинде кылмыш ишин козгогон. Басмакана соңку төрт жыл ичинде өрт кызматы тарабынан текшерилбегени айтылып жатат.(AbA)

Источник: Кыргызская служба ВВС