Ош, “Саясат. kg” – Алишер Токсонбаев. “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча эл аралык федерациясы жайланышкан Түштүк Африка республикасынын борбору Йоханесбургдан мекендештерибиз маалымдашты.Маалыматка ылайык, Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын Түштүк Африка республикасынын борбору Йоханесбургда жыйыны болуп, ага 120 өлкөдөн укук коргоочулар катышышты. Конгресстин жүрүшүндө федерациясынын президенти жана вице-президенттеринин шайлоо дагы жүрдү. Анда грециялык активист жана аккадемик Димитрис Христопулос президент болуп шайланса, вице-президенттердин бири болуп кыргызстандык укук коргоочу Төлөкан Исмаилова шайланды.
Адам укуктары боюнча эл аралык федерация - дүйнөдөгү укук коргоо кыймылдарынын башын кошкон эл аралык уюм.