Ошто тополоң салган кимдер?

Автор: Арген Нуров
Марал радиосу Марал радиосу
18 августа 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ош шаарында бейшемби күнү түндөсү массалык мушташ болгону айтылууда. Күбөлөрдүн айтымында 100гө чукул өспүрүм балдар тополоң салып, тургундардын тынчын бузган. Милиция баш аламандыкка катышкан балдарды издөөгө алды. Байкоочулардын айтымында, Ош шаары кооптуу аймакка айланып баратат.

Шаардын түштүк батыш аймагында түн ортосу 100гө чукул чогулган балдар кыйкырык сүрөөн менен аймактын тынчын бузган. Белгисиз балдар колдоруна таяк кармап мушташ салганын күбөлөр айтышууда. Кыйкырык сүрөөндөн улам корккон аялдардын бири дүкөнүн эртелеп жаап, үйүнө кетүүгө аргасыз болгон. Анын айтымында, жаалданган эркек балдардын кыйкырыгынан улам Ошто кайрадан улут аралык чыр чыктыбы деп ойлогон.

-Биз топ балдар кыйкырык менен өткөндөн кийин, үйгө качтык. Терезеден карасак бир бала колуна автомат кармап өтүп кетти. Анан биз коркуп өзбек-кыргыз урушу чыгып кеттиби деп, милицияга чалдык. Алар 6 экипаж иштеп жатат, кыргыздар эле бири бири менен урушуп жатат дешти.

Топ балдардын сүрөөнү аймакта бир топ тургундарды чочуткан. Назгүл аттуу аял үй бүлөсү менен бөлмөсүнүн жарыктарын өчүрүп, түндөсү коркуу менен жатканын айтууда. Ал милициянын аймактык тескөөчүлөрү окуяга кайдыгер мамиледе болду дейт.

-А түгүл сыналгыны да өчүрдүк. Катуу кыйкырык-өкүрүктөн жүрөгүбуз түшүп калды. Мен кыжаалат болуп күйөм олтурган дүкөнгө чалдым. Ал тынч экенин айтты. Патрулдук милиция кызмат унаасы менен келип, кайра кетип калды. Андан кийин да биз коркуп жаттык.

Аймактын тынчтыгына бүлүк салган окуядан соң милицияга 10дон ашуун телефон чалуулар болгон. Демейде кылмыштын изин суутпай өтө тездик менен бетин ачкан милиция кызматкерлери бир күн убакыт өтсө да, тополоңчуларды таба элек. Шаардык милициянын маалымат кызматынын жетекчиси Замир Сыдыковдун айтымында, тынчтыкты бузган тентектерди издөө иштери башталды. З. Сыдыков аймакта эч кандай улут аралык жана башка мушташ болбогонун, андан эч ким, эч нерсе жабыркаган жок дейт.

-Телефон чалуулар көп жолу болгон. Биздин кызматкерлер кызматтык унаада айгай менен барышканда, алар топтолуп турган жерден тарап кетишкен. Учурдаэч кимиси кармала элек. Окуяга карата кылмыш иши козголо элек. Аймактык тескөөчүлөргө, кылмыш иликтөө бөлүмүнө тапшырмалар берилди. Ошол жерде кимдер, эмне максатта чогулушканын териштирүүгө тапшырма берилди.

Айрым байкоочулардын баамында, Ош шаарында тургундардын коопсуздугу толук камсыздалган эмес. Милициянын ардагери Абдылда Капаровдун айтымында, соңку жылдары шаарда криминалдын таасири кайра күчөп, аларды күч органдары көзөмөл кылбай койду. Анын баамында каралар дүйнөсүндөгүлөр  укук коргоо органдарына өтүп, алар менен аралашып кетти.

-Азыр Ош шаары “Сицилия” болуп калган. Конституция Бишкектен чыгып Сосновкадан бери өтө элек. Ошту бандиттер башкарат. Азыр мектепте деле тартипсиздик күч алган.

Деген менен милиция жана күч кызматкерлери коомчулуктун тынчын бузуп, үрөйүн учура турчу массалык баш аламандыкка жол берилбейт деп айтып келет. Милициянын маалыматында, Ош шаарында өспүрүмдөрдүн, өзгөчө мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы массалык тополоң, мушташтар азайганын, ал акыркы 6 айда катталбаганын билдирет.

Источник: maralfm.kg