Кара-Көл шаарында маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн тойго айлантпоого чакырык жасалды

Автор: Акназар Сулайманкулов
Супер Инфо Супер Инфо
16 августа 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кара-Көл шаарында маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн тойго айлантпоого чакырык жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын дин кызматкерлери жана Кара-Көл шаарынын башкы имамы Бакыт Керезбаев шаар тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда диний маселелер талкууга алынган.

"Өлкөбүздүн айрым жерлеринде маркумду акыркы сапарга узатууда жосунсуз салттар аткарылып, ыксыз чыгымдар болуп кетүүдө. Маркумду узатууда тойго айланып кеткен көрүнүштөрдөн оолак болуу зарыл. Ислам дининде көрсөтүлгөн тартипте, шариат көрсөткөн жол менен акыркы сапарга узатууга чакырык жасалды", - деп айтылат маалыматта.

Источник: super.kg