Исаков: өлкөнү өргө тарткан мигранттарды барктаганга жете элекпиз

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду уюштуруп келаткан "Мекендештер” форуму август башында биринчи жолу Ош шаарында өткөнү турат. Миграциянын эң күчтүү агымына дуушар болгон аймакта өткөрүлүп жаткан форумда чет жерде иштеп, окуган мекендештердин тажрыйбасын, билимин кантип пайдаланабыз деген суроо коюлат.

Оштогу кабарчыбыз Айбек Абдылдаев форумду уюштуруп жаткан демилгечилердин бири Ош мамлекеттик университетинин ректору, окумуштуу Каныбек Исаков менен Кыргызстандын 25 жылдык эгемен тарыхындагы миграциянын тийгизген таасирлери туралуу ой бөлүштү.

Каныбек Исаков: Эгемендүүлүккө 25 жыл толуп, сарасеп салып, анализ жасай турган мезгил болуп турат. Биз эмнеге жеттик, эмнеге жетпедик деп ой калчай турган учур. Анан ушул жылдардагы тенденциялардын орчундуусу бул - миграция. Миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын көбү Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарынан. Жумуш жоктугу, жердин тартыштыгы сыяктуу түрдүү себептерден улам кеткен биздин улан-кыздар соңку учурда бутуна туруп, боорукердик, кайрымдуулук иштерин кылып, кичи мекенине жардам көрсөтүүгө жарамдуу болуп калды. Биз форумда ушуларды белгилеп, анан канткенде өлкөнүн өнүгүшүнө ушулардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланабыз деген суроо коюп жатабыз. Мигранттардын көбү бутуна турду, албетте өзүнүн жеке көйгөйүн чече албай жүргөндөр да бар. Бирок завод-фабрикаларды ачкан, бир топ адамдарга жумуш бергендер чыкты. Интелектуалдык жактан, кесипкөйлүк жактан башка өлкө жарандарынан бир да кем калбай иштеп жүргөндөрдү көп эле көрүп жатпайбызбы. Ошондуктан өкмөт баш болуп, булардын потенциалын, акча каражаттарын инвестицияларын кантип пайдаланабыз деген маселе форумда талкууланат. Аларга кандай жеңилдиктерди берип, ыңгайлуулуктарды түзүшүбүз керек? Мына ушларды талкуулайбыз. Анан дүйнөнүн чар тарабында жүргөн ийгиликтүү мекендештерибиз өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт. Кантип ушул ийгиликке жетиштим? Туңгуюктан кантип жол таап чыктым? Жаштарга да дымак бере турган, көрөңгө бере турган сөздөр болот. Иши кылып булардын аракет масштабы өтө чоң. Биз ошолорду элге көрсөтүшүбүз керек.

Айбек Абдылдаев: Ар бир доордун каармандары болгон сыяктуу эле биз эгемен алган жылдардан берки каармандарбыз ушул мигранттардай туюлат. Бирок биз көп учурда жалаң гана мигранттардан келген каражаттарды саноо менен эле алек болуп келаткан жокпузбу?

Каныбек Исаков: Негизинен бул жапа тырмак миграциялык турмуш эгемендүүлүк жылдарында башталды. Мунун кемчилигинен да позитиви көп болду деп ойлойм. Тагдыр ушундай болду биздин экономикабыздагы саясат “шал” абалга келди. Анан ушундай мезгилде ар бир адам келечегин издеп дүйнөнүн чар тарабына чыгып кетти. Окуп кеткендер болду, кара жумуш издеп чыгып кеткендер болду. Бирок, бара-бара кара жумуш менен барган бала интелектуалдык адамга айланды. Ал мурун кара жумуш менен жан бакса, кийин адамдарды иштеткен ишкана ачты. Айрымдар окуп илим жолунда, маданият, технология тармагында ийгиликке жетти. Бул эми тарыхый зарылдыктан болду. Ушунун өзү эволюциялык түрдө мигранттарыбыз бутуна тургандыгынан кабар берет. Албетте бөтөн жерден сөөгү келип, ар кандай кырдаалдарда азап тарткандар болду. Эптеп кара нан таппай жүргөндөрү болду. Азыр деле мындай мисалдар бар. Бул эми ар бир мамлекеттин башынан өтө турган тарыхый процесс. Биз эми миграциянын жакшы жактарын да айтышыбыз керек. Кыргыз али угуп көрбөгөн жерлерде кыргыздын улан-кыздары жүрөт. Барсаңыз бутуна турган, ишенимдүү жүргөндөрү кубандырат. Маселен, Кытайга барып, бир жарым миллиард кытайдан ырыскы талашып, тың жашаган, жумушу бар, унаасы, үстүндө үйү бар, ал тургай башкаларга жумуш берген балдарды көрүп кубанасың. Бул процесс күчөш керек деп ойлойм. Мүмкүн болушунча интелектуалдык мигранттар көбөйүшү керек. Мына Марат Исаев деген жигиттин эрдигинен кийин мен да жазбадымбы, бул жөн эле кара жанын ойлогон мигрант эмес, жүрөгүндө патриоттук сезими бар, адамдык сапат бар. Кыргыздардын ар биринде улттук тарбия өтө күчтүү да. Биз ушуну да көрсөтүп жатабыз.

Айбек Абылдаев: Кээ бир өлкөлөрдө өлкөдөн сыртка чыгып бараткан мигранттарына колдоо көрсөткөн программалары бар экен деп сөз кылып жүрөбүз. Бизде эми андай колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Бирок өлкөгө колдоо көрсөтүп жаткан мигранттардын өзүнө жөн эле бир дем берген, аларга стимул жараткан саясат барбы?

Каныбек Исаков: “Мекендештер” форумунун философиясы албетте мигранттардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу. Анан алар ата-журтуна жардам берип жатса, биз аларга моралдык колдоо көрсөтүп, "ата-журтуна жардам бергендер мындай даңкталат" деген ойду али айта элекпиз. Бир мигрант өзүнүн айылына же мектебине жардам берген экен кыргыз өкмөтү мындай сыйлык менен сыйлаптыр дегенди уктуңузбу? Биз ушуну жаратышыбыз керек. Бул деген моралдык чоң колдоо, стимул болот эмеспи.

Источник: Кыргызская служба ВВС