Жогорку Сотто Аскаровдун ишин кайра кароо облустук сотко жолдоду

Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Сот Азимжан Аскаров боюнча ишти кайра кароо үчүн Чүй облустук сотуна берип, Аскаровду абактан бошотуу боюнча адвокаттарынын өтүнүчү жарым жартылай канааттандырды.

Буга чейин Жогорку Сот өмүр бою абак жазасына кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо негизсиз деген бүтүмдү күчүндө калтырып келген эле. БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2016-жылдын 21-апрелиндеги чыгарган чечиминде Азимжан Аскаров кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге туш болгонун жана бир катар мыйзамдык процессуалдык укук бузуулар болгонун билдирген. Ушул себептен улам Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деп бул ишти кайра кароону баштаган.

Кечээ күнкү сот отурумунда Аскаровдун жактоочулары Нурбек Токтакунов жана Вахидов, коомдук коргоочусу Төлөйкан Исмаилова Азимжан Аскаровдун иши боюнча тергөө олуттуу мыйзам бузуулар менен болгонун, анын кыйноого алынганын, тийиштүү тартипте күбөлөрү суралбаганын, аны күнөөлөгөн далилдердин баары мыйзамсыз жол менен алынганын жүйө тартышкан. Алар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин кайрылуусунан кийин Азимжан Аскаровду токтоосуз түрмөдөн бошотууну суранышып, жазыксыз түрмөдө отурганы үчүн ага тийиштүү тартипте компенсация төлөнүп берилиши керектигин да белгилешкен.

Соттук териштирүү жабырлануучу тараптын келбей калгандыгына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган эле. Жабырланган тарап бүгүн сотто катышып, аларга да сөз берилди. Соттун жүрүшү чыңалуу менен өтүп, жабырланган тарап Аскаровдун акталышына каршылыгын билдирди.

Жогорку соттун соңку чечими жабырлануучу тараптын нааразылыгын жаратты. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда киши колдуу каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова Аскаровдун күнөөлөрү сотто далилденген деп айтып, анын укугун коргоо менен укук коргоо уюмдары биздин укугубузду тебелеп жатышат деп билдирди. Сотто укук коргоо кызматкерлери да көрсөтмө беришти.

Сот жүрүшүндө прокурорлор Азимжан Аскаров кыйноолорго алынганы туралуу домматтар далилденбегенин белгилешип, аны камактан бошотпоону соттон өтүндү. Азимжан Аскаров 2010-жылдагы коогалаңды уюштурууга тийиштиги бар жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн деген негиз менен Жогорку сот тарабынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Бирок Аскаров азыркыга чейин өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып келет.

Аскаровдун иши бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да катуу сынга кабылган. Ал тургай АКШ менен Кыргызстан ортосундагы мамилелерге да таасирин тийгизгенин эксеперттер белгилеп жүрүшөт. Өткөн жылы АКШнын мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” аттуу сыйлыкты ыйгаргандан кийин кыргыз өкмөтү АКШ менен кызматташуу келишимин бир жактуу бузуу ниетин билдирип чыкты. Өкмөт АКШ түрмөдөгү адамга сыйлык берүү менен өлкөдөгү кырдаалды солгундатууга жана улуттар аралык мамилелерди ырбатууга салым кошуп жатат деп сынга алган эле.

Источник: Кыргызская служба ВВС