Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институту министрликке нааразы

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкектеги Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институту Билим берүү министрлиги быйылкы кабыл алууга уруксат бербей жатканы жөнүндө нааразылык билдирип чыкты. Би-Би-Си бул нааразылыктын чоо жайы жана жалпы эле жогорку окуу жайларына кабыл алуунун быйылкы өзгөчөлүктөрүнө токтолот.

Шааркан Сүйүнтбековнын баласы социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунда бир нече жылдан бери билим алып келет. Бирок министрликтин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынан тарта баласы жана анын группалаштары ар кайсы университеттерге бөлүнүп, чачыроо алдында турганын айтат:

“Министрлик комиссиянын корутундусун карабай туруп бул окуу жайды жапканы жатат. Мен ата-энелердин атынан нааразычылыгымды билдирем. Мугалимдердин, студенттердин кайда барары менен эч ким эсептешкен жок. Бул окуу жай атайын социалдык жактан начар үй-бүлөлөр үчүн ачылган болчу, сүйүнүп балдарды окутуп жатканбыз. Биздин турмуш шартты эч ким түшүнгөн жок”.

Өз кезегинде билим берүү министрлиги социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтуна жаңы окуу жылына карата студенттерди кабыл албоо чечимин негиздүү кабыл алганын билдирүүдө. Аталган министрликтин айтымында, бул окуу жайы билим берүүдө көп мүчүлүштүктөргө туш болгон.

“Биздин министрликтин буйругу менен бул институт эффективдүү эмес иш алып барып жаткан окуу жай деп табылган. Бул чечим өкмөттүн 2014-жылдын 23-майындагы, 277-токтому менен менен кабыл алынган. Министрлик кабыл алган буйрукка ылайык, бүтүрүүчү эмес курстун бардык студенттери жаңы окуу жыланан баштап, башка окуу жайды тандап, ар ким өз багыты боюнча которулушу керек”, - дейт Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Акулова.

Кыргызстанда 51 жогорку окуу жайы бар. Андан сырткары жүздөн ашык орто кесиптик окуу жайлары бар. Июль айынын башынан тартып булардын баары студенттерди жарыша кабыл ала баштайт. Кыргызстанда бардык окуу жайлары жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен кабыл алат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл орто мектепти бүтүрүп жаткан 62 миң бүтүрүүчүнүн 48 миңи жалпы республикалык сынакка катышкан.

“Жылдагыдай эле ЖОЖдорго жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Жакында талондорун кабыл алуу боюнча турлар башталат. Быйыл босого балл 110, ал эми предметтик балл 60тан жогору. Эгер бүтүрүүчү ЖРТдан 110 баллдан төмөн алып калса, бул тест тапшырган адамдын үч деген баа алганын көрсөтөт. Демек, алар конкурска катыша албайт. Быйылкы бүтүрүүчүлөргө 5705 бюджеттик орун берилди. Гранттык негизде бүткөн 66 бала өздөрү каалаган окуу жайына өтө алат”,- дейт билим берүү жана илим министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова.

Учурда абитуриенттерди кесип тандоодон мурда университет тандоо деген түйшүк кыйнап турган кез. Андыктан алардын канчасы кандай кесипти тандаары азырынча белгисиз. Бирок Кыргызстанда азыр талап кылынган кесиптерди тандоо көпчүлүктү

ойлондурган олуттуу маселеге айланды. Анткени окууну бүтүп келген адистер кайсы тармак болбосун колунда жогорку билимин тастыктаган диплому бар болгону менен кесиптик жактан даярдыгы канааттандырбайт дешет байкоочулар.

Источник: Кыргызская служба ВВС