24-июнда Курманбек Бакиев Москвадагы кыргыздарды чогултту - ФОТО

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев 24-июнда Москва шаарында жашап, иштеген кыргыз мигранттарына ооз ачырып чогултуп, сый тамак уюштурду. Бул тууралуу Москва шаарындагы мигранттар кабарлады.

Оз ачуу кечесине Курманбек Бакиевдин иниси Асылбек Салиев келип, экс-президеттин куттуктоосун айтып, чогулган элге куттуктоо сѳзүн билдирип, ыйык рамазан айында тилеген аруу максаттар ишке ашсын деди.

200дѳн ашык мекендештердин арасында Бауман атындагы кафедранын доценти Маматжан Акжолов, Кыргызстадын Россиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров, “Ала Тоо”  коомунун жетекчиси Жамилия Бегиева жана Россия федерациясынын баатыры  Марат Исаев, "Жаштар" коомунун тѳрайымы Орозайым Нарматовалар келишти. 

Источник: Мaalymat.kg