Кадыржан Батыровду жандаган Шамшыбек Осмонкулович улуттук кызыкчылык тууралуу ооз ачпай эле койсо!

Обратите внимание на дату публикации.

Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович аттуу саясатчы сөрөй бар. Айрым маалымат каражаттары жазгандай, түпкү теги өзбек аталган Шамшыбек мырза жакынкы аралыктан бери мамлекеттик каттоо кызматынын паспорттун жаңы үлгүсүндө улутун көрсөтпөө демилгесине караманча каршы чыгып, заматта кыргызга күйгөн баатыр болуп чыга келбесби! “Башкалар бакылдаса унчукпайт элек, эзелтен тымызын өзбек туугандарга боор тарткан Медетбеков патриот боло калса кантип унчукпай тура алабыз” деп нааразылангандар мындан көп. Биз да бул каармандын өмүр таржымалына бир сыйра көз жүгүртүп, кызыктарга тушуктук.

2010-жылдын июнунда эзелтен ынтымакта жашап келаткан кыргыз менен өзбектин ортосуна от жагып, жүздөгөн жарандын өлүмүнө себепкер болгон “кан ичкич” Кадыржан Батыров аттуу “эл душманы” жамы журтка дайын. Мына ошол журтбузар “Ватан” партиясын жетектечү. Ал эми анын орунбасарлыгын Шамшыбек Медетбеков аркалаганын көпчүлүк биле бербесе керек. Бул бүгүн адалсыңган, улуттук ар-намысты ойлой калган Медетбековдун табигый жүзүн сыйрыган биринчи факт.

Кыргызстандагы эркин басылмалардын аксакалы саналган “Аалам” гезити Шамшыбек мырзага таандык. “Аалам” акыркы жылдары өзбекче “гап ура” баштады. Гезитти түштүк аймагындагы “ала допучандар” жашаган жерлерге бекер таркатканы эле неден кабар берет? Ушулбу Ш.Медетбековдун патриоттуулугу?

Шамшыбек Осмонкулович маселенин төркүнүн түшүнүп турса да түшүнмөксөнгө салып, коомчулуктун мээсин тегеретип атканы бештен белгилүү. Болбосо коомдук ишмерлер, тарыхчылар паспорттон улутту көрсөткөн 5-графаны алып салса эле Кыргызстан талкаланып, жоголуп кетет деген жарыбаган кеп экенин, тескерисинче, бул улуттук ынтымакты бекемдөөгө жол ачаарын билдиришүүдө. Маселен, тарыхчы Кыяс Молдокасымов эркин басылмалардын бирине курган маегинде бул мамлекеттин биримдигин арттырууга негиз берерин баса белгилеген.  Анын айтымында, Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 25 жыл болду жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүн күчтөндүрүү мезгили келди.    “Мындан 100 жыл мурда кыргыз улуту жок болуу коркунучуна кептелген. Белгилүү чыгыш таануучу Лев Гумилев бул боюнча өз пикирин билдирип, кыргыз этносу бай эпикалык байлыктарын ооздон-оозго сактап келгенин билдирген. Ошол эле “Манас” эпосунда башка элдер да бир идеология астында биригип, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салым кошкон. Ошол эле Гумилев байыркы этностор кайра жаралабы деген суроого жооп берип жатып, мындай жаңы импульс күтүлбөгөн жерден пайда болушу мүмкүндүгүн билдирген. Улут-улутка бөлүп, этникалык жактан кайсы бир улутту жерип келген элдер өздөрү жок болуп кетүү коркунучуна кептелген”, — дейт К.Молдокасымов.

Шамшыбек мырза элди дүргүткөндү токтотуп, эмне үчүн убагында “Ватан” партиясына төрага орунбасар болгонун, эмне үчүн “Аалам” гезитин өзбекче чыгарып атканын түшүндүрүп берсе сонун болмок. Болбосо биздин дагы ал тууралуу айтаар кебибиз алдыда.

Источник: Focus.kg