Үңкүр-Тоону коргоо комитети түзүлдү

Автор: Орозгуль Арстанова
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Аксылык активист Шекербек Камчыбек уулу билдиргендей, Үңкүр-Тоону коргоо комитетине 21 адам кирген. Анын курамы райондогу айыл өкмөт, айыл башчыларынан жана тургундардан куралды. Демилгечилер мындай чечимге аталган тоого байланышкан маселе чечилбегени себеп болгонун айтышууда.

Аксы районундагы Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Март айында жергиликтүү депутаттар аларга өкмөттөн бул станцияны көчүрүү тууралуу протокол келгенин, анда радиорелейлик мунара Өзбекстандын аймагында деп жазылган айтып чыгышкан эле. Бирок жергиликтүү калк ал жер эч убакта өзбек тараптыкы болбогонун айтышкан. Өкмөт да мындай токтом болбогонун билдирген.

Парламент бул маселени жабык карап, Башкы прокуратурага интернетте өкмөттүн протоколу деп тарап жаткан материалдардын чын-төгүнүн териштирүүнү тапшырган. Аталган орган өкмөт жыйынына катышкан кызмат адамдарын суракка алган. Алардын баары Аксыдагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп жазылган токтом болбогонун билдиришкен.

Токтомдун түп нускасы табылбады деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон эмес.

Эске салсак, Кербен шаардык кеңеши өкмөттүн суранычы боюнча 1-апрелдеги кезексиз сессиясында Ителги тоосунан кошумча станция курууга жер бөлүп берген болчу.

Источник: maralfm.kg