Чектен чыккан Максимди чет элдик ишкерлер да сотко берди

Обратите внимание на дату публикации.

Британиялык ишкер Шон Дейли конкор президент Курманбек Бакиев уулу Максимдин үстүнөн арызданып сотко кайрылды. Бул тууралуу британиялык Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда эки эрендин ортосундагы чатак 300 млн. еврого бааланган.

Белгилей кетсек, 2006-жылы 56 жаштагы Ш.Дейли Кыргызстандагы алтын кенин иштетүү үстүндө жүргөндө кол салууга кабылган. Аны тапанча менен атканда, эптеп аман калган. Шон мырза бул кол салууну Максим Бакиев уюштурганына ишенет жана бул үчүн моралдык чыгым талап кылууда.

Ш.Дейли жетектеген “Охсус” компаниясы Бакиевдин учурунда “Жер үй” алтын кени боюнча конкурса катышып, утуп кете жаздаган. Ал эми атаандаш компанияны Максим колдоп турган. Бул кол салуудан кийин эле Максим колдогон компания лицензияны жеңип алган.

Источник: Focus.kg