Кыргызстанда кыйноолордун 85% күнөөсүн мойнуна алдыруу максатында жасалат

Обратите внимание на дату публикации.

Акыйкатчы институту, “Кылым шамы” укук коргоо уюму жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор биргелешип кыйноого жана ырайымсыз мамилеге дуушар болгондорго жардам берүү долбоорун баштады. Бул тууралуу бүгүн аталган уюмдардын жетекчилери билдирди. Айтымдарында, соңку кездери кыйноонун ар кандай түрүнө кабылгандарыдын саны көбөйүп, адам чыдагыс учурлар да болууда. Муну азайтуу максатында коомчулукка эки ай бою түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

“Бизге 5 айдын ичинде эле 77 арыз түштү. Анын үчөөсүнө кылмыш иши козголду. Ал эми былтыр 200дөй факт катталган. Бирок бул расмий түрдө гана. Жаап-жашырылып, ачыкка чыкпай атканы канча. Ошондуктан биз элге тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, тегерек стол, ар кандай жыйындарды өткөрөбүз. Жумуш учурунда кыйноого кабылган көп учурга туш болдук. Кыйноолордун дээрлик 85 пайызы кылмышка шектелип кармалган адамдардын күнөөсүн моюнга алдыруу максатында колдонулганы белгилүү болду. Мындай ырайымсыз мамилелердин жообу сөзсүз болушу керек”, - дейт Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов.

Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган. Ал эми эки жыл мурда кыйноолордун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча атайын борбор ачылган. Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен парламент депутаттары иштеп чыккан мыйзамда кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, анын ичинде жабык жайларга күтүүсүз жана ыкчам барып, мониторинг жүргүзүү укугу Улуттук борборго берилген.

Деген менен укук коргоочулардын айтымында, кыйноонун курмандыгы болгондордун саны басаңдабай жатат.

Источник: Кыргызская служба ВВС