“Ачык Кеңеш” деген бейөкмөт уюму парламенттен “Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү” мыйзамын кароону токтотууну талап кылып чыкты. Асыл Айтбаева жетектеген бул уюм өтө аша чаап бараткан жокпу?
Кыргыз парламенти жалпы эл тарабынан 5 жылга шайланган мамлекеттик орган. Жогорку Кеңеш жалпы жумурай журтчулугунун астында гана отчёт берет жана парламенттен кайсы бир маселени эл гана талап кыла алат. Эгер Асыл Айтбаева муну билбесе бир тууганы Асия Сасыкбаевадан сурап алсын!
Чындыгында бейөкмөт уюмдары өтө эле көөп кетти. Мамлекеттин ички ишине кийлигишкени аз келгенсип 3-4 адамдан турган уюм Кыргызстандын эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлигин кокодон алып жатканын кандай түшүнсө болот? Жакында эле дал ушул бейөкмөт уюмдары 2 мыйзамдын кабыл алынышына тоскоол болуп өз мүдөөлөрүнө жетти. Бир чети алар бул “жеңишине” эрдемсип калгандай. Кеч боло электе чет элдин арыгын чапкан бейөкмөтчүлөрдүн тизгинин тартып койбосок болбойт го, ыя?