Экс-«итерман» депутат Акылбек Султанов кызматтык батирин өткөрүп берди

Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Акылбек Султанов кызматтык батирин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына өткөрүп берди. Ошондой эле, жакында эле депутаттык мандаттан өз ыктыяры менен баш тарткан Ашэра Халикова дагы кызматтык батирин бошотту.

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 5-чакырылыштын эки депутаты А.Режавалиев менен Э.Исаков дагы жакынкы апталарда кызматтык батирлерди өткөрүп бериши күтүлүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин кызматтык батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиянын чечими менен, учурда 6-чакырылыштын 15 депутаты кызматтык батирлерде жашайт.

Источник: Маалымат.КГ