Дастан Сарыгулов "Кумтөр" боюнча камакка алынды

Автор: Жамалидин Парманкулов
Супер Инфо Супер Инфо
Обратите внимание на дату публикации.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу тууралуу кылмыш ишинин негизинде жана жаңы жагдайлар боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы 13-июнда билдирди.

УКМК учурда "Камеко", "Кумтөр Оперейтинг", "Кумтөр Голд", "Центерра Голд" компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Дастан Сарыгулов "Кыргыз алтын" ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге барганы боюнча көрсөтмөлөрүн карап жатканы айтылды. Сарыгулов 1992-1999-жылдары "Кумтөр" долбоорунда кыргыз тараптан куратор болгон.

Ошондой эле УКМК "Кумтөр" долбоорундагы коррупциялык аракеттерди ачууда Аскар Акаев жанаКурманбек Бакиевдин жакын санаалаштары тарабынан карама-каршылыктар болуп келгенин белгилейт.

Ошондон улам мартта өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга болгон аракеттер "Кумтөр" долбоору боюнча коррупциялык иштер тергөө органдары тарабынан жигердүү иликтенип баштагандыгына байланыштуу болушу мүмкүн экендиги каралууда.

Эскерте кетсек, оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров"бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан. Алар менен бирге Дастан Сарыгулов да суракка алынып, үй камагына калтырылган.

Источник: super.kg