Бейөкмөтчүлөр “заказчылардын” буйругу менен Кыргызстанды мамлекети талкаланган Украинанын таз кейпин кийгизгилери келеби?

Обратите внимание на дату публикации.

“Вечерний Бишкек” сайты акыркы мезгилде кызык макалаларды жарыялап келет. Бул саам бейөкмөтчүлөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу кеңири кеп салыптыр. Макала окурман журтчулугуна кызык болгондуктан аны кыргызчага которуп сунуш кылып атабыз. Макала Кыргызстан деп жүрөгү соккон ар бир жаранды кайдыгер калтырбасына ишенебиз.

Бирок, алар евроинтеграция сунуштаганы жок. Океандын ары жагындагылар Кыргызстан тышкы башкаруунун жетегинде деп катуу ишенип алган.

Анткени, мындай сөздөргө да ынанбай коё албайсын. Жакында эле БУУнун Адам укуктары комитети Нью-Йорктон туруп Кыргызстанда 2010-жылдагы тополоңду уюштуруп, мыкаачылык менен адам өлтүрүп өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровду актагыла деп буйрук берди. Алардын мындай буйрук беришине да негиз бар. Анткени, 2010-жылы шашылыш кабыл алынган Конституцияда Кыргызстан өз сотторунун эмес эл аралык комитеттердин, уюмдардын айтканын милдеттүү түрдө аткара турганы жазылган.

Мурдагы чекист, учурда президенттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев буга чейин дал ушул маселеге тынчсызданып, Конституциянын айрым беренелери улуттук коопсуздукка, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп жатканын билдирген. “БУУнун ошол эле адам укуктарын коргойт деген комитети кандайдыр бир диний террорчуларга же этнос аралык кастыкты жаккандарга карата ушундай чечим кабыл алганын элестетип көргүлө. Башкача айтканда, кайсы бир укук коргоочу сөрөйлөр БУУнун комитетинин чечимин бетине кармап алып, Кыргызстандан экстремисттерди бошотууну талап кылса, анын арты террордук тополоңго алып келсечи же жай тургундардын каны төгүлсөчү? Мунун жанында Аскаровду бошотуу талаптары баланын оюнундай эле болуп калат”, – деген эле ал. Чындыгында бейөкмөтчүлөргө, “Батыштын айрым күчтөрүнө” А.Аскаровдун тагдыры керек деле эмес. Азимжан алар үчүн эч ким деле эмес. Бул жерде болгону дал ошол фигураны пайдалануу менен чагымчыл аракеттерди жасап, элди козутуу максаты турат. Анын үстүнө Ош окуясы боюнча кыргыздардын эң кыжырданган кишиси да дал ушул А.Аскаров. Эгер ал түрмөдөн бошоп эркиндикке чыгып кете турган болсо Кыргызстанда чоң чатак чыгат. Муну болсо койнунда котур ташы бар бейөкмөтчүлөр абдан жакшы билет. Ошол үчүн да жанын жеп коргоп келет.

Эми Украинадагы окуялардын уланышына көз чаптыралы. Жакында эле Россияда соттолгон, тынч жаткан элди жана журналисттерди өлтүргөн учкуч Савченко бошотулду. Ал өз күнөөсүн моюнга да алган. Фашисттик идеологияны карманып, адам өлтүргөн кылмышкердин бошотулушун Барак Обама да кубаттап кол чапты. Ал эми ал камакта жатканда өз өлкөсүндө депутат кылып шайлап түрмөдөн түз эле Радага кирип барды. Албетте, эми боштондуктун акысын төлөшү керек.

Ал эми Аскаровдун айланасындагы маселе да абдан татаал. Анын керек болсо кылган кылымыштары толугу менен далилденген. Тилекке каршы, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген бул көрүнүш эле эмес. Акыркы жылдары түштүктө жашаган жаштарыбызды Сирияга азгырып, ал жакта согуш отун нечендеген жарандарыбыз кечип жүрөт. Өзүбүздүн жергиликтүү имамдар да дал ушул экстремисттердин жетегине кирип кетет деп ким ойлоптур? Эгер биз муну өз убагында алдын алганыбызда мындайга бөгөт коюлмак. Азыр эми Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч жарата турган уюмдарды так аныктап алуу учуру келди. Анткени, күн өткөн сайын дүйнөдө ызы-чуулар күчөп, экстремисттик агымдарга колдоо көрсөткөндөр көбөйүп жатат. Дин аралык чатакты күчөткөн, “Экстремизм”  жана “Терроризм” беренелери менен соттолгондорду бейөкмөтчүлөрдүн колдоп жатканы да чоң суроолорду жаратат.

Дал ушул бейөкмөтчүлөрдүн таянычы менен республиканын түштүгүнө АКШдан келген журналист барып, “хизбутчулардын” кылмыш иштери боюнча документ чогулутуп жүргөн жеринен кармалган. Журналист деген бет кап жамынган бул “агент” А.Аскаровдун иши боюнча да бир топ маалыматтарды алган, ага өтө кызыккан. Мындан сырткары кыргыз-тажик чек арасындагы “Бордобо-автодорожный” бекетине барып, ал жакты тымызын тасмага тартып, “демократия” деген тасма да жараткан.  

Бизге болгон таарыныч бар, ал оңой эмес таарыныч десек болот. Биринчиден, “Манас” аба майданында жайгашкан аскердик база чыгарылды, экинчиден, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп, Россия менен мамилени бекемдөөдө. Үчүнчүдөн, АКШ менен жетишилген келишимдер жокко чыкты (бул да А.Аскаровдун айынан болду), төртүнчүдөн, бейөкмөтчүлөрдү чет элдик агент деп атоо сунушталды. Мындан сырткары, АКШнын элчиси Майлз мырзага бул жакта иштөөгө тоскоолдуктар болду. Кыскасы, биз океандын ары жагындагыларга өтө эле эркин жана өз мамлекеттик кызыкчылыктарын коркпой коргой турганыбызды далилдедик. Түстүү ыңкылаптын технологиясы мындан бир топ жыл мурда эле иштелип чыккан. Аны аткарууга бейөкмөтчүлөрдүн саны деле жетиштүү. Керек болсо бизде чет элден каржыланган уюмдардын саны шайлоо участокторунан, жада калса жалпы билим берүү жайларынан деле ашып кетти. Бейөкмөт уюмдарынын активисттери болсо мамлекеттин ички иштерине тынбай кийлигишип жатат. Алар террористтерди коргоп, сөз эркиндиги бар туруп аны “көмүп” салып, саясий тутукундар деп жер жара кыйкырып жаткан чагы. Тамаша тамашасы менен, бирок кырдаал жөнөкөй эмес.

Учурда Сирияа согушуп жүргөн ИГИЛдин мүчөлөрү Кыргызстанга кайтып, алар бейөкмөт уюмдары менен тыгыз иштешип жатат. Керек болсо аларды тымызын үгүттөп тургандар бар. Ушул жерден Украинадагы кырдаалды эске салып көрөлү. Ал жакта эл коррупцияга каршы көтөрүлүп чыгып, евроинтеграцияны талап кылган. Андан көп өтпөй алардын катарын улутчул фашисттер толуктап анын арты эмне менен аяктаганын көрдүк. Андыктан диний-экстремисттик уюмдардан баарын күтсө болот. Кандай гана митинг же пикет болбосун анын артында сөзсүз “режиссерлору менен технологдору” турат. Алар убактысы келгенде эл арасына куралдуу адамдары киргизип, канабайрам уюштуруп жиберет. Муну көпчүлүк түшүнбөй калып, кан  төгүлсө ойлонбой туруп бийликтен көрөт. Украинада деле дал ушундай болгон.

Учурда айрым бейөкмөтчүлөр менен байланышы бар басылмалар өлкөдөгү кырдаалды көбүртүп-жабыртып, элге негативдүү маалымат таратуу менен гана алек. Муну биз көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Сырттан грант алып иштегендер чет элдеги күчтөрдүн буйруктарын аткарууну бир мүнөт да токтотпойт. Алар азыр да катуу иштеп жатат. Бирок, биз Кыргызстандын келечеги, балдарыбыздын тагдыры үчүн тикебизден тик туруп ар кандай чагымчыл күчтөрдүн арам максаттарына жол бербешибиз керек. Түстүү ыңкылап деген термин менен Сирия, Ливия, Ирак жана Украинаны кандай талкалап жатканын өз көзүбүз менен көрүп турабыз. Тынчтыктан өткөн байлык жок. Өлкөдө башаламандык уюштургандар акырын эле сыртка чыгып кетет. Алардын чет мамлекеттерде жашай турган шарттары бар. Ал эми Кыргызстанда карапайым эл, биз эле калабыз. Андыктан өлкөнү талкалоого ар бирибиз жол бербейли. Бек туралы.

 
 
 

Источник: egemen.kg