Кыргызстан: Чернобыль курмандыктары эскерилди

Обратите внимание на дату публикации.

Өткөн кылымдын эң ири кырсыктарынын бири Чернобылдагы жардырууда курман болгондор бүгүн Кыргызстанда да эскерилди. Атом Электростанциясындагы кырсык болгон күнгө быйыл 30 жыл болду. Мамлекет башчы катары Алмазбек Атамбаев дагы кайрылуу жасап, бул күндү дүйнө жүзү кайгыруу менен эстерин билдирди. Бул кырсык адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу апааттардын бири катары белгилүү.

Көкүрөк толо медалдарын тагынган бир катар Чернобылды куткарууга катышкандар бүгүн Бишкекте жолугуп, курман болгондорду эскеришти.

Атом Электростанциясынын кесепетин жоюуга жалпысынан 600 миңден ашуун адам катышкан болсо, алардын ичинде төрт миңдей кыргызстандыктар да болгон.

“Чернобылдагы апааттын кесепетин жоюга барган кыргызстандыктар жылдан-жылга азайып баратат, учурда бир жарым миңдейи калган. Алардын 90% оорулуу, жардамга муктаж. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр мамлекет тарабынан жакшы эле көңүл бурулуп, материалдык жардам болуп жатканы менен, турак-жай маселеси курч бойдон калууда. Ден-соолугунан ажыраган ардагерлерге бул маселени чечип беришсе жакшы болмок”, - дейт «Чернобыль союзу» уюмунун төрагасы Тилек Өмүрбеков.

Чернобыль апаатынын кесепетин жоюуга катышкандардын көбү бул аракетин сыймыктануу менен эскерип, элдин сактыгына кошкон салымы катары баалашат.

Источник: BBC. Kyrgyz kyzmaty