Кыйноого кабылгандардын элүү пайызы өспүрүмдөр

Автор: Сапаргуль Абдинабиева, бишкекский корреспондент Кыргызской службы Би-Би-Си
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда кыйноого кабылган жарандардын 50% жашы он сегизге толо элек балдар. Бул жөнүндө бүгүн кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун жылдык отчетунда айтылды. Кызматынан пайдаланып балдарга кыйноо көрсөткөндөр мыйзам чегинде жоопко тартылмайынча, бул көйгөй чечилбейт дешет эксперттер.

Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун берген отчету көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Аталган мекеменин маалыматы боюнча, аларга өткөн жылы 200гө жакын арыз түшкөн болсо, анын 50% жаш балдарга карата кыйноо фактылары болуп эсептелет.

Аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, соңку иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстандын дээрлик ар бир жабык жайында кыйноо фактысы бар экени аныкталган.

“Өлкөдө жашы жетпегендерге карата кыйноолордун саны өтө жогору. Менин пикирим боюнча, бул көйгөйгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Биздин иликтөөлөрүбүз боюнча, жашы жете электердин жетимиш пайыздан ашыгына карата жасалган кыйноолор күнөөнү моюнга алдыруу максатында колдонулган. Балдардын 74 пайызы кыйноолорду ИИМнин кызматкерлери колдонгонун айтышууда”, - дейт Сулайманов.

Кыргызстанда кыйноолордун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мындан эки жыл мурда атайын борбор ачылган. Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен парламент депутаттары иштеп чыккан мыйзамда кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, анын ичинде жабык жайларга күтүүсүз жана ыкчам барып, мониторинг жүргүзүү укугу Улуттук борборго берилген.

Байкоочулардын айтымында, кыйноого каршы бул сыяктуу атайын органдар өз укуктарын колдонбой, иштебей жаткандыктан, жашыруун сабалгандардын саны да азабай жатат. Жарандык активисттер балдарга кыйноо жасап жаткан милиция жана жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлери мыйзам чегинде бир да жолу кыйратып жоопко тартылбай жатканын айтышат.

“Милиция жана күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлер кылмыштардын бетин ачуу боюнча пайыздык көрсөткүчтөрдү жогорулатабыз дешип, өз максатына жетүү үчүн өспүрүмдөрдү кыйноо аркылуу күнөөнү күчтөп моюнга алдырышат. Кыйноого кабылган жарандардын арыз берүү жолдорун жакшыртмайынча, балдар укугу, адам укугу тебелене берет”, - деди Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Укук коргоочулардын баамында, жарандар кыйноо көрсөткөн кызматкерлердин үстүнөн арызданган учурда, бул ишти дагы бир башка күч түзүмүндө иштеген кызматкерлер карагандыктан, кылмыш иши козголбой же мындай иш тез эле токтотулган учурлар көп. Жарандар, анын ичинде өспүрүрүмдөр убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылып, арыз жазса ал тиешелүү органдаргага жетпей да калары айтылып келет. Байкоочулардын айтымында, балдарга карата кыйноолордун токтобой келатканынын дагы бир себеби мыйзамдардагы боштуктар болуп эсептелет.

Источник: BBC. Kyrgyz kyzmaty