Кароосуз калган ымыркайлар үчүн борбор ачылат

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлиги төрөт үйлөрүнүн жанына таштанды ымыркайлар үчүн атайын жай ачуу демилгесин көтөрдү. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, өткөн жылы ымыркай балдарын көчөгө, таштандыларга калтырып кеткен 98 учур катталган.

“Акыркы үч-төрт жылда ымыркайын көчөгө же урнага таштап кеткен учурлар абдан көбөйүп, коомчулуктун үрөйүн учурууда. Мен бир эле жылдын мисалын айтайын, 2015-жылы өз баласын көчөгө калтырып кеткен жүзгө чукул окуя катталды. Алардын көбү интернатка берилсе, үчөөсү гана кайра энесине кайтарылган. Болгондо да абдан аянычтуу шартта ташташат. Баланы дааратканадан, урна же көчөдөн табуу көп катталып аткандыгы ымыркайлар үчүн атайын жай ачууга аргасыз кылууда”, - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Раиса Асылбашева.

Министрлик айтып жаткан демилгеге ылайык, өлкөдөгү бир катар төрөт үйлөрүнүнө атайын таштанды ымыркайларга арналган жай ачылат жана баланы чоңойтуудан баш тарткан энелер ал жайга ымыркайын таштап кетет. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасындагыдай ташталган ымыркайлар балага зар энелерге берилет.

“Бул азырынча долбоор бойдон турат. Ишке ашырууга демөөрчүлөрдү же шериктештерди карап жатабыз. Каражат табылып калса мүмкүн болушунча бардык төрөтканаларга коюлушу керек. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ишке ашкан үлгүнү колдонобуз. Ымыркай атайын жайга ташталган кезде медайымдарга чакырык келет. Алар барып дароо баланы алышат. Буюрса бул боюнча дагы кенен түшүндүрмө беребиз”, - дейт Асылбашева.

Байкоочулардын айтымында, кыргызстанда таштанды балдарга атайын жайдын ачылып жатышы айла кеткендеги иш болуп отурат. Акыркы кезде үрөй учурган окуялар көп катталып, четтен саноого болот. Жакында эле Кара-Кулжа районунун борборундагы кароосуз калган жайлардын биринен жаңы төрөлгөн уул бала табылса, андан мурдараак Токтогулдагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы даараткандан ымыркайдын жансыз денеси чыккан эле. Буга дагы бир мисал, Таласта жакында баласын итке жедирген эне тууралуу маалымат тараган. Чын төгүнүн жергиликтуү милиция кызматкерлери айтып, аларга түшкөн кайрылуу боюнча дарекке барышса чын эле баланын жансыз денеси, бөлүнгөн дене мүчөлөрү табылган. Жаңы төрөлгөн ымыркай экен. Дароо кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы келин кармалды, азыр ал мыйзам чегинде жоопко тартылып жатканын айтат жергиликтүү милиция.

Буга чейин дагы аялдардын төбө чачты тик тургузган фактылары катталып келет. Психолог адистер, соңку учурда социалдык оор шарттан жана үй-бүлө зомбулугунан улам аялдардын писхикалык саламаттыгына доо кетип, айрым кездерде стресс, депрессиянын чегинен ашып кеткен учурлары болууда деп коңгуроо кагууда.

Источник: BBC. Kyrgyz kyzmaty