Бишкекте журналист Турат Акимов сабалды

Автор: Анара Акматалиева
Марал радиосу Марал радиосу
22 февраля 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кечээ, 19-февралдан 20-февралга караган түнү өзү жашаган үйүнүн жанында журналистТурат Акимов сабалды. Бул тууралуу журналист өзү билдирген.

Анын айтымына караганда, кол салуу түнкү саат 00:30да болгон. "Мен унаамды унаа коюучу жайга киргизип жаткан болчумун. Ошол убакытта белгисиз эки адам келип арматура менен сабап кетишти. Биринчи жолу башыма, андан кийин моюнума урушту. Кечинде мага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү, азыр үйдө жатам. Уруп-сабоо боюнча судмедэкспертизага кайрылам", - деди журналист.

Т. Акимовдун пикиринде, бул саясий буйрук. Анткени, ал өзүнүн макалаларында бийликти жана саясий абалды сындап жазып келген.

"Бул "буйрукту" ким бергендиги жөнүндө божомолум бар. Буга чейин түз опузалоолор болгон эмес. Бирок, мен оппозициялык «Деньги и Власть» гезитинин башкы редактору болгонум үчүн, бул атайын "жогору жакта" отургандардын "буйругу" деп ойлойм", - деди ал.

Турат Акимов “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору жана саясий талдоочу.

Источник: maralfm.kg