Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына 2 миңдей адам келди - ФОТО

Обратите внимание на дату публикации.

Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында белгилүү коомдук ишмер, ЖК Эл Өкүлдөр Жыйынынын 1-2-чакырылыштарынын депутаты, экс-президент Аскар Акаевдин бир тууган агасы Асанкул Акаев аксакалды акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Маркумду узатуу зыйнатына белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, кыргыз интеллигенциясынын каймактары, саясатчылар жана маркумдун тууган-уругу, тааныш-билиштери катышты. Болжолу менен 2 миңдей адам келди.

Бир нерсени байкадым, маркумдун кадыр-баркы жогору экен. Аксакалды сыйлаган аттуу-баштуулар, анын ичинде Аскар Акаевичтин бийлигине каршы чыгып жүргөн, бирок Асанкул аксакал менен карым-катнаш куруп калгандар келишти. 2-чакырылыштагы Эл Өкүлдөр Жыйынынын дээрлик бардык депутаттары келишти. Аксакал менен чогуу иштегендер ал кишинин калыстыгын, адамгерчилигин, мекенчилдигин айтышты.

Асанкул Акаев 1939-жылы туулган. Быйыл 77 жашка чыкмак. Өмүрүнүн көбүн токой-чарбасын өнүктүрүүгө арнаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл Өкүлдөр Жыйынынын 2 чакырылышына депутат болуп шайланган.

Источник: Мaalymat.kg