Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бир тууган агасы Асанкул каза тапты. Москва шаарында иштеп-жашап аткан Аскар Акаев агасынын зыйнатына келе албай турганы маалым болду.
Өздүк маалымат булактар билдиргендей, Кыргызстандын экс-президенти учурда Францияда дарыланууда. Ошондуктан Кыргызстанга, агасын акыркы сапарга узатууга келе албайт. Бирок, балдарын жөнөтөт.
Асанкул Акаев эртең, 28-январда Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында жерге берилет.