Оштогу жер титирөөдөн турак-жайлары жабыркагандарга Россиядан жардам келди - ФОТО

31 декабря 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 2015-жылдын 30-декабрында Ош эл аралык аэропортунда Орусия мамлекетинен гуманитардык жардам түшүрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев жетектеген министрликтин тийиштүү кызматкерлери тарабынан официалдуу түрдө гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасы болду.

“Россия Федерациясы стратегиялык партнерлордун бири болуп эсептелет. КР ӨКМи менен Россия Федерациясынын ӨКМинин ортосундагы кызматташтыкка өзгөчө маани ээ. Гуманитардык жардамдын ичинде 2 комплект көчмө электростанциясы, 40 даана 30 орундуу кышкы чатырлар, 1200 даана одеялдар, 1200 комплект идиш-аяктар, 80 даана печка, 10 тонна тушенка жана 5 тонна балыктын консервалары келип түштү. Булардын жалпы суммасы 17 млн 609 миң. 840 рубльды түзөт. Жардамдар муну менен эле чектелбейт”- деди Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тышкы байланыш департаментинин директорунун орун басары Александр Тамашов.

Ал жүктү кабыл алып жаткан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев “Жаратылыш кырсыгынан турак жайлары жабыр тарткан жарандарга оор учурда колдоо көрсөтүп жаткан бардык тараптарга, анын ичинде Россия мамлекетине терең ыраазычылык билдиремин”– деди.

Гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында 2015-жылдын 17-ноябры күнү очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталып, андан 400дөн ашык турак жайлар жараксыз абалга келген.

Айта кетсек, Росиия Федерациясы менен КР ӨКМи өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагындагы кызматтыштыгын 

Источник: Inter.kg