Эмгек мигранттары пенсия ала алышпайт

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
22 декабря 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

"Кабар даамында" программасында пенсия алуу жолдору, дыйкан чарбалар үчүн камсыздандандыруу төгүмдөрү жана мигранттар кандай жол пенсия ала алышат ж.б суроолорго жооп издедик. Студиябызга КР  Социалдык фондунун кирешелер башкармалыгынын башчысы Нуржан Урустамова жана КР Социалдык фондунун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Ашымбек уулу Азат келген.

Дыйкан чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери кандай көмүскөдө өзгөрдү?

Дыйкан чарбалар үчүн 2015-жылдын апрель айынан баштап жаңы тарифтер күчүнө кирди. Жаңы тарифтер боюнча айтсак, камсыздандыруу төлөмдөрү жердин өлчөмүнө жараша болот. Мисалы, 2 гектарга чейин дыйкан чарба жери болсо, ал жердин башчысына жана анын мүчөлөрүнө орточо эмгек акыдан 0,5 пайызын төлөшөт. Бул жалпы алганда республика боюнча 40-50 сомду түзөт. Бирок ар бир райондун суммасы ар башка болот. Ал эми 2 гектардан 10 гектарга чейин жери болсо, 1 пайыз, 10 гектардан көп жери болсо анда орточо айлыктын 1,5 пайызын төлөө белгиленген.

Жети-Өгүз районунда, Кызыл-Суу айылынын жашоочулары биздин жерибизге киши башына салык төлөтүп жатат, 27 миң сом төлөш керек деп чыр чыгып жатат дешүүдө. Ошол менен катар эле Соцфонддун кызматкерлери орой мамиле кылышууда деп жатышат? Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

Дыйкан чарбалар үчүн апрель айынан баштап жаңы тарифтер күчүнө кирди. Мыйзамда каралган, эгер төлөмдөр убагында төлөнбөсө ар бир кечиккен күнгө туум өсөт. Ал туум негизги суммадан да ашпаш керек. Эгер ал үй-бүлөнүн кыздары турмушка чыгып кеткен болсо, алар жерди колдонбосо анда жерди өзүнө өткөрүп алса болот. Же болбосо турмушка чыккан кыздары башка жактан жер албаса, пенсия курагына келгенде пенсия ала албай калышы мүмкүн. 

Ал эми орой мамиле кылгандыгы үчүн расмий түрдө кайрылса, бул суроолор каралат. Жарандар жер бөлүнгөндөн баштап төлөбөй жүргөн учурлар көп, өзгөчө Ысык-Көл жергесинде ушундай. 15-20 жыл төлөбөй жүрө беришет. Ошол себептен Жети-Өгүздөгү кырдаалды жеринен текшериш керек.

Дыйкан чарбанын жетекчиси социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндө көп учурда өзүнүн атынан эле төлөп коёт. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө көрсөтүлбөй калат. Кийин ар кандай маселе жаралат. Ошондуктан дыйкан чарбада иштегендер адамдардын эмгекке жарамдууларынын эсебине которуш керек. Бул боюнча биздин фонддун аймактык башкаруу бөлүмдөрүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. 

Эмгек мигранттардын келечеги кандай болот? Алар кандай пенсияга чыга алышат? 

Бүгүнкү күндө тилекке каршы эмгек мигранттарынын ар кандай маселелери көп. Себеби эмгекке жарамдуу жаш жарандар чет жакка чыгып кетишти. Орусия, Казакстанда социалдык төлөмдөр төлөнөт. Бирок ал Кыргызстанга которулбайт, ошол жакта калат. Келечекте алар КР Социалдык фондуна акча төлөбөгөндөн кийин пенсияга чыга албайт. Ошол себептен өз ыктыяры менен социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн банк акрылуу төлөп турса, же болбосо жакындары төлөп турса болот. 

Жеке ишкер сөзсүз түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөш керекпи?

Жеке ишкерлер камсыздандыруу төлөмдөрүн милдеттүү түрдө төлөш керек. Аларга тарифтер ар кандай белигленген. Мисалы, базарда иштеп ыктыярдуу түрдө патент ала турган болсо, эмгек акыдан 4 пайызын төлөшөт. Ал эми жөнөкөй эле соода орундары болсо 2 пайыз төлөшөт. Дагы айта кетчү нерсе, жыл сайын пенсиянын көлөмү жогорулайт. 2016-жылы дагы көтөрүлүшү күтүлөт. 
 

Источник: maralfm.kg