Зулпукаров үн катпайт...

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн Ош облусунун Ноокат районунун тургундары маалымат жыйын өткөрүп, “Адилет Айтикеев жалган маалымат таратууда кечирим сурасын, гезитине актап жазсын болбосо Бишкекке барып сотко беребиз” деп билдиришти.

Ошол эле учурда Журналист Айтикеев Зулпукаровдун талапташтарынан кечирим сурабасын, сотто жолукканга даяр экенин билдирди.

Айтикеев мындан бир жума мурда “эшек” бизнеси жөнүндө маалымат тараткан. Мына ошол убакыттан бери Төрөбай ажыга байланыша албай убарабыз. Же Ажыке өзү чыгып үн катпайт, же бир маалымат таратпайт. “ак же көк” дебей күнөөлүү адамдай түр көрсөтүүдө.

Аталган окуя боюнча чакан иликтөө жүргүзүп көрдүк. Кытай ишкерлери кыргыз жаранынын жерин 200$ га ижарага алып, эшектерди жергиликтүү элден 1-4миң сомго чейин сатып алышат экен. Учурда аталган сарайда 400 чамалуу эшек кармалууда. Айыл тургундары бул жерден эшектерди чыгарып кетүүнү талап кылууда, кайсыл жакка чыгарган күндө да кыргыз жеринде арам иштерди жасоого эч кимдин акысы жок!

 Зулпукаров бул бизнести жакындары аркылуу көз алдына алып, көзөмөлдөп жатат деп жазган. Ал эми талапташтары болсо эч кандай тиешеси жоктугун айтууда. Канткен күндө да бул ишке чекит коюу кажет. Төрөбай Закирович күнөөңүз болсо мойнуңузга алыңыз, эгер күнөөсүз болсоңуз ушак-айыңдарга чекит коюңуз, же “молчание знак согласие” деп түшүнөлүбү?

Источник: Fakt.kg