Ноокаттыктар журналист А.Айтикеевди сотко беришет

Обратите внимание на дату публикации.

Ноокаттыктар журналист Адилет Айтикеевди сотко беришет. Бул тууралуу алар Ош шаарында өткөн пресс конференцияда билдиришти. Алардын айтымында журналист А.Айтикеев ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровду Ноокат районунун Көк-Жар айылында Кытай ишкерлери менен бирге эшек бизнесин уюштуруп жатат деп жазып чыккан. Бирок ажы депутаттын эшек бизнесин уюштургандыгы жалган.

-Биздин Ноокат эли колдоп 2 жолку депутат кылып шайлаган Т.Зулпукаровдун ар намысын булгап, далили жок каралап жазганы үчүн А.Айтикеевди сотко беребиз. Ал Т.Зулпукаровдон жалган материалы кечирим сурап, кайрадан актап жазып бериши керек. Болбосо биз Бишкекке барып А.Айтикеевди сотко беребиз, - деди Ноокат районунун Кара-Таш айылынын тургуну Ташбү Каразакова.

Источник: maralfm.kg